Кирүү

Далапон гербециди

Далапон , дау пон, басфапон, грамевин, радапон - гербицид. 85% таасир этүүчү заты бар, сууда эрүүчү саргыч ак күкүм. Гозо, кант кызылчасы, тамеки талаасы, бак жана жүзүмзардагы бир жылдык, көп жылдык отоо чөптөрдү жок кылат. Өсүмдүккө тамыры, жалбырагы аркылуу сиңет. Пахта талаасына күзүндө тоңдурма айдоого чейин же андан кийин (гектарына 40-50 килограмм), же жазында себээрден 2 ай мурда (гектарына 20-30 килограмм) ОВХ-14 чачкыч трактору же самолёт менен чачылат. Анча уулуу эмес.

Ой-пикирлер