Кирүү

Айыл чарба каттоосу

Айыл чарба каттоосу - мезгил-мезгили менен атайын уюштурулган же бир жолку статистикалык каттоо. Айыл чарба каттоосу статистика отчётторунда көрсөтүлбөгөн кошумча статистикалык маалымат алуу үчүн же каттоолор аралыгындагы эсептөөлөрдү тактоо үчүн кабыл алынган бирдиктүү программа жана ыкма боюнча белгилүү күндөрдө СССРдин аймагында бир мезгилде жүргүзүлөт.

Бүткүл союздук айыл чарба каттоосу СССР МСинин тапшыруусу боюнча мамлекеттик статистика органдары СССР мамлекеттик агрардык өнөр жай комитети менен бирдикте жүргүзөт.

Айыл чарба каттоосу бир нече түргө бөлүнөт: колхоз, совхоздорду каттоо; мөмө-жемиш, жүзүм, тыт дарагын каттоо; трактор, айыл чарба машиналарын каттоо; мал санын, анын породалык составын каттоо; айдоо аянтын каттоо жана башка мал каттоо (эсебин алуу) белгилүү күндө малдын түрү, породасы боюнча толук эсебин алуу үчүн жүргүзүлөт.

Ой-пикирлер