Кирүү

Диктиокаулез ылаңы

Диктиокаулез - кепшөөчү малдын жугуштуу ылаңы. Dictyocaulus filaria тукумундагы жумуру курттар пайда кылат. Малдын кекиртеги менен колкосунда мителейт. Аралык ээси жок көбөйөт. Ургаачысынын узундугу 23-112 миллиметр, эркеги 17-800 миллиметр. Ургаачысы малдын өпкөсүнө жумуртка таштайт. Мал жөткүргөндө ал жумуртка малдын оозуна келип, шилекей менен кошо кайра жутулат. Бул учурда жумурткадан личинка пайда болуп, малдын тезеги менен сырткы чөйрөгө чыгат да инвазиялуу болуп калат. Ал жем-чөп, суу менен кошо малдын ичине кирип, кан менен кошо жылып (агып) өпкөгө, колкого келип, чоң куртка айланат. Ылаңдуу мал жөткүрүп, дем алуусу начарлайт, мурдунан суюктук агып, кычыштырат (мал тумшугун жерге өйкөйт). Катуу жөткүргөндө мурдунан оролушкан курттар чыгат. Мал тоютту начар жеп арыктайт, эрди, ээги, көкүрөгү шишийт, өпкөсү кырылдайт. Ылаң күчөсө мал өлүмгө учурайт. Дарылоого 30% дуу дитразин куюлат, тетрамизол жем менен берилет. Диктиокаулезди алдын алуу: малды нымдуу ойдуң жерге жайбоо, саз, көлчүктөгү суу менен сугарбоо, зоогигиеналык талапка ылайык асыроо, жаш төлдү өзүнчө багуу, бир жылда эки жолу гельминтсиздендирүү.

Ой-пикирлер