Кирүү

Жмуд жылкысы

Жмуд жылкысы - жмудка, жемайчу - Литва ССРиндеги жергиликтүү чегилме жылкы породасы. Порода жергиликтүү шарттын таасиринен жана поляк, орус, татар жылкылары менен аргындаштыруудан калыптанган. XIX кылымда Жмуд жылкысы таза кандуу жана чалыш араб жылкысынын айгыры, жүкчүл миңги, таскакчыл жылкылар менен аргындаштырылган. Азыркы Жмуд жылкысы анча чоң эмес. Өңү боз, ак кула, кара, тору, жээрде. Айгырынын ыйык жалынан бийиктиги 144 сантиметр; дене узундугу 145 сантиметр; көкүрөк курчамы 173 сантиметр, бутунун жоондугу 19 сантиметр. Айгырынын салмагы 425-450 килограмм, бээсиники 415-420 килограмм. Жмуд жылкысы өтө иштемчил, арабага чегилген Жмуд жылкысы 20 чакырым жолду 1 саатта басып өтөт. Жмуд жылкысы литва оор жүкчүл жылкысын чыгарууга пайдаланылган.

Ой-пикирлер