Кирүү

Агроклиматология деген эмне

Агроклиматология деген эмне (Грекче - талаа климатын изилдөө) — айыл чарба метеорологиясынын бир тармагы; климаттык шарттын айыл чарба өндүрүшүнө тийгизген таасирин изилдейт.

Жер кыртышы, анын күрдүүлүгү, суу ресурстары, өсүмдүктүн өсүшү климатка жараша болот. Айыл чарба өндүрүшүн адистештирүүдө климаттык шарт эске алынат.

Агроклиматологиянын милдеттери:

климатка айыл чарба жагынан баа берүү жана айыл чарба өсүмдүктөрүн, малдын түрлөрүн билгичтик менен максатка ылайык өстүрүү, асыроодо жерди агроклиматы боюнча райондоштуруу; климаттын жана аба ырайынын катаал шарттарынан сактануу жолдорун иштеп чыгуу жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүшү, түшүмдүүлүгү негизинен климаттык факторлорго байланыштуу болот. Ошол байланыштардын сандата туюнтулушу агроклиматтык көрсөткүчтөр деп аталат.

Агроклиматтык райондоштуруу

Агроклиматтык шартынын окшоштугуна жана айырмачылыгына, ошондой эле айыл чарба өндүрүшүнүн өзгөчөлүгүнө жараша аймакты райондорго бөлүштүрүү. Ал эгилме өсүмдүктөрдү айыл чарба зоналарына жайгаштыруу, ошондой эле агрономиялык, гидротехникалык жана мелиорациялык жумуштарды пландоо, машиналарды зоналар боюнча бөлүштүрүү жана башка иштерди жүргүзөт. Жалпы жана жекече агроклиматтык райондоштуруу бөлүнөт.

Жалпы райондоштурууда аймак айыл чарба үчүн маанилүү негизги климаттык өзгөчөлүктөрү боюнча бөлүштүрүлөт. Жекече (адистештирилген) райондоштуруу айыл чарба өндүрүшүнүн адистешүүсүнө байланыштуу конкреттүү маселени чечүүдө иштелет. Агроклиматтык райондоштуруу климат, топурак факторлорун эске алуу менен жылуулук, жарык жана ным ресурстарын баалоонун негизинде аткарылат. СССРде айыл чарбанын көптөгөн өсүмдүктөрү үчүн агроклиматтык райондоштуруу жүргүзүлгөн. Кыргызстанда 6 физика-географиялык облусу менен зона, 10 провинция, 28 аймак жана 75 физика-географиялык район бар.

Агрометеорологиялык байкоо

Аба ырайынын абалына, өзгөрүшүнө, өсүмдүктүн өсүп-өнүшүнө, топурактын негизги агрономиялык касиетине байкоо жүргүзүү. Агрометеорологиялык байкоо — айыл чарбанын агрометеорологиялык тейлөөнүн негизи. Мындай байкоолорду метеорология, агрометеорологиялык станциялар, ошондой эле колхоз, совхоздордун агрометеорологиялык посттору (жөнөкөй байкоолорду) жүргүзөт. Бардык типтеги метеорологиялык аянтчаларда суткасына бир нече жолу аба ырайынын элементтерине, топуракка байкоо жүргүзүлүп турат.

Агрометеорологиялык байкоо бардык станция, посттор үчүн бирдей программада жана ыкмада толук же кыскартылып жүргүзүлөт. Толук программа боюнча иштеген станция вегетация мезгилинде айдалчу катмардын температурасын, жаан-чачынды, топурактын нымдуулугун өлчөйт, өсүмдүктүн өсүү фазаларынын башталышын каттайт, мисалы, дан эгиндеринин себилген убагы, өнүмдүн, үчүнчү жалбырактын пайда болушу, түптөнө, сабактана, машактана, дүмбүл боло баштаган убагы, оруп-жыюу башталган мезгил катталат; мындан тышкары күздүк эгиндин күзгү вегетация мезгилинин токтоп, жазында анын кайрадан башталган учуру, мөмө багынын бүчүрү көбө баштаган кези, гүл ача баштаган убак, жалбырагы түшө баштаган мезгил, талаа жумуштарынын башталышы белгиленет, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн абалына (бийиктиги, жыштыгы, жатып калышы, илдетке чалдыгышы, зыянкечтен жабыркашы ж. б.) байкоо жүргүзүлөт.

Кыш мезгилинде күздүк эгиндин түптөнүү, мууну жайгашкан тереңдиктеги топурактын температурасы, канча тереңдикке тоңгондугу, кар калыңдыгы жана тыгыздыгы өлчөнөт. Айыл чарбасына агрометеорологиялык жактан тейлөө максатында Агрометеорологиялык байкоо алынган маалыматтар гидрометеорология кызматтын тийиштүү мекемелеринде иштеп чыгылат да, айыл чарба органдарына жиберилет.

Агрометеорологиялык прогноз

(грекче — алдын ала билүү) — айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүп-өнүшүнө жана түшүмүнө таасир кылуучу негизги агрометеорологиялык шарттарды алдын ала билүү. Өсүмдүктүн биологиялык өзгөчөлүгүнө жана метеорологиялык байкоолордун маалыматтарына негизделет. Агрометеорологиялык прогноз түшүнүгүнө агрометеорологиялык шарттын күтүлүп жаткан прогнозу жана ага байланыштуу жер айдоо, үрөн себүү, түшүм жыйноо, өсүмдүктүн фазалык өсүп-өнүү мөөнөттөрү жана башка кирет. Агрометеорология илиминде өсүмдүктүн физиологиялык жана биологиялык мыйзам ченемдүүлүктөрү сандык көрсөткүчтөрдө туюнтулат; мисалы, температура жогорулаган сайын өсүмдүк ылдам өсөрү; жаздык буудай ным менен 30% камсыз болсо, анын түшүмү өтө аз болору жана башка аныкталган.

Агрометеорологиялык прогноз түзүүдө айыл чарба өсүмдүгүнүн өсүп-өнүү ылдамдыгы температура менен нымга көз карандылыгы жөнүндөгү жана башка мыйзам ченемдүүлүктөр пайдаланылат; мисалы, топурак температурасы жана нымдын запасы боюнча бир баш буудай канча дан байларын, канча гүл ачарын, 1000 дандын салмагы канча болорун жана башкаларды алдын ала билүүгө болот. Эң узак мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү агрометеорологиялык прогноз бөлүнөт. Белгилүү өсүмдүк түрүнө карата эң узак мөөнөттүү прогноз (3—4 ай мурда) ал өсүмдүктүн үрөнүн себүүгө чейин жүргүзүлөт; прогноздун милдети — ал өсүмдүктү ошол жылдын шартында өстүрүүнүн агротехникалык өзгөчөлүгүн аныктоо. Узак мөөнөттүү агрометеорологиялык прогноз тигил же бул аймакта түшүмдүн кандай болорун, анын дүң жыйымын алдын ала (1—3 ай мурда) билүү максатын көздөйт.

Агрометеорологиялык тейлөө

Айыл чарбасын — метеорологиялык байкоолордун натыйжасын, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүп-өнүү шарты жана алардын түшүмдүүлүгү жөнүндө гидрометеорологиялык кызмат мекемелеринин айыл чарба органдарына билдириши. Агрометеорологиялык тейлөөнүн негизги түрлөрү: он күндүк агрометеорология бюллетень — аба ырайы жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өткөн он күндөгү абалы жөнүндө толук маалымат берет; беш күндүк бюллетень — метеорологиялык шарт (аба ырайы) жана талаа жумуштарынын өткөн беш күндөгү жүрүшү жөнүндө маалымдайт; күн сайын чыгарылуучу бюллетень — өткөн күндөгү аба ырайы жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн абалы жөнүндөгү маалыматтарды камтыйт. Колхоз, совхоздорду аларга жакын жайгашкан агро жана гидрометеорология станциялары тейлейт. Алар рельефи ар башка жерлерге айдалган өсүмдүктөрдүн абалы, ным менен камсыз болушу, өсүп-өнүү фазаларынын башталышы жана жаан-чачындын өлчөмү, айдалган топурак катмарынын температурасы, которуштуруп айдалган ар

Ой-пикирлер