Кирүү

Аңчылык кылуу, түрлөрү

Аңчылык - жапайы айбанат жана илбээсин уулоо, ошондой эле аларды көбөйтүү, зоопаркта, циркте жана башка пайдалануу үчүн кармоо. Негизинен мылтык, иттердин (анчылыкта пайдаланылуучу) жардамы менен аңчылык кылынат, капкан, кылтак жана башка да колдонулат. Аңчылык кылуунун көп ыкмалары бар. Алар негизинен 2 топко бөлүнөт.

Аңчылыкка адамдын өзүнүн катышуусу.

  • Мунун негизги түрлөрү:
  • мылтык менен аң уулоо;
  • из куу;
  • өңүткө туруу (мисалы, айбанаттын ийининин жанына, суу ичүүчү жерге, келүүчү жолуна, түнөгүнө ж. б.);
  • айбанаттын ийинин казуу, түтөтүү же суу толтуруу;
  • үн салып чакыруу (мисалы, үндү туурап);
  • айдоо (мисалы, кайберенди өңүттөгү мергенчини көздөй) жана башка

Өзү тутма куралдарды пайдалануу.

Мында аңчылык куралдары (мисалы, капкан, тузак ж. б.) ийиндин оозуна, айбанаттар өтүүчү жолго, суу ичүүчү жерге жана башка коюлат. Азыркы мезгилде аңчылык шарттуу түрдө Зкө бөлүнөт.

Промыселдик аңчылык - аңчылык чарбасынын негизин түзөт. Максаты - куну тери, кайберен эти менен өнөр жайды, элди камсыз кылуу жана башка Спорттук аңчылык куну айбанат, кайберен, илбээсин кармоодон тышкары аңчынын ыкчамдыгын, чыйрактыгын жана башка арттырат, ошондой эле эс алууда да чоң мааниге ээ. Илимий аңчылык промыселдик фауналарды, алардын ылаңдарын жана башка изилдөө үчүн илимий мекемелер тарабынан жүргүзүлөт.

Аңчылык чарбасы

Мамлекеттик аңчылык фондусун (жапайы айбанат жана Илбээсиндерди) рационалдуу пайдаланууну камсыз кылуучу эл чарба тармагы. Бир катар мыйзам актыларында аңчылык ресурстарын пайдалануу жоболору белгиленип, аң уулоо мөөнөтү жана ыкмалары көрсөтүлгөн, аңчылыктын зыяндуу ыкмаларына тыюу салынган. Өлкөдө жапайы айбанаттын баалуу түрлөрүн коргоо жана көбөйтүү максатында корук, заказник жана корук-аңчылык чарбалары уюшулган. Аң терисин жана этин жана башка даярдоо белгилүү мамлекеттик стандарт боюнча пландуу жүргүзүлүп, бирдиктүү баа боюнча сатып алынат.

Аңчылык чарбасынын негизги типтери:

  1. мамлекеттик жана кооперациялык промыселдик-аңчылык чарбалары, куну тери жана илбээсин, карышкырларды атып жок кылуу;
  2. мамлекеттик аңчылык жана корук-аңчылык чарбалары айыл чарбанын жүргүзүүнүн илимий негизин иштеп чыгат, баалуу жапайы айбанаттарды коргойт жана көбөйтөт, куну тери даярдоого катышат;
  3. спорттук-аңчылык чарбасы элди аңчылык продукциясын даярдоо боюнча мамлекеттик пландын аткарылышына көмөктөшөт.
Ой-пикирлер