Кирүү

Бир жылдык өсүмдүктөр

Бир жылдык өсүмдүктөр - бир жыл ичинде тиричилик циклин (уруктан өнүп, кайра урук алганга чейинки вегетация мезгили) бүтүүчү чөп өсүмдүктөр. Бир жылдык өсүмдүктөр жаздык жана күздүк болуп бөлүнөт. Жаздык бир жылдык өсүмдүктөр жазында өнүп чыгып, күзүндө урук берет. Тиричилик цикли 1-2 айдан 4-5 айга созулат. Буларга жаздык дан өсүмдүктөрү (буудай, арпа, сулу, жана башка ), чанактуу дан өсүмдүктөрү, акшактык, техника өсүмдүктөрү (буурчак, кара күрүч, таруу, зыгыр), тоют өсүмдүктөрү (жер буурчак, судан чөбү) жана көптөгөн отоо чөптөр кирет.

Күздүк бир жылдык өсүмдүктөр күзүндө эгилип, өнүп, кыштагандан кийинки жайда гана урук берип, өөрчүү цикли бүтөт. Өсүү мөөнөтү бир жылдан кем болгону менен вегетациянын эки мезгилин өтөт (күздүк эгин, айрым отоо чөп). Тиричилик цикли кыска мөөнөттүү (1-2,5 ай). Бир жылдык өсүмдүктөргө эфемерлер кирет.

Ой-пикирлер