Асыл тукум иши
Асыл тукум иши мал чарбасында - малдын тукум куучулук касиетин жакшыртуу жана породалуулугун, кунардуулугун арттыруу чараларынын системасы. Асыл тукум иши пландуу түрдө өнүккөнгө чейин узак убакыт өтө жөнөкөй тандоо ыкмалары жана элдик селекциянын негизинде малдын баалуу породалары чыгарылган. Табигый илимдердин өнүгүшү менен асыл тукум ишинин теориясы иштелип чыгып, ыкмалары жакшыртылууда. Асыл тукум иши азыркы биологиялык илимдеринин жетишкендиктерине таянат. Улуу Октябрь социалдык революциясынан кийин өлкөдө асыл тукум иши пландуу түрдө кеңири ишке аша баштаган. 1918-ж. июлда асыл тукум иши боюнча декрет кабыл алып, анда асыл тукум малды сактоо жана асыл тукум ишин уюштуруу чаралары белгиленген.
30-жылдан кунарсыз мал өлкөнүн жана чет өлкөлөрдүн мыкты породалуу малы менен аргындаштыруу аркылуу жакшыртыла баштаган. Илимий изилдөө институттары менен тажрыйба станциялары, жогорку окуу жайлардын атайын кафедралары асыл тукум ишинин теориялык проблемаларын жана ыкмаларын иштеп чыгат. Асыл тукум ишинин негизги элементтери - тандоо, тандап алуу жана төлдү туура багуу. Колдон уруктандыруунун кеңири колдонулушуна байланыштуу тукумдук эркек малдын генотибин аныктап, аны тукумунун сапаты боюнча баалоо (керектүү касиеттери тукумуна туруктуу түрдө өтүүчү тукумдук мал генотиби боюнча мыкты деп эсептелет) ишке ашырылууда.
Асыл тукум ишинин негизги ыкмасы - таза тукум мал өстүрүү. Жаңы порода чыгарууда аргындаштыруу жана гибриддештирүү колдонулат. Асыл тукум ишин туура алып баруу үчүн малды тоюттандыруу жана багууда талапка ылайык шарт түзүү асыл тукум ишин каттоону так жүргүзүү керек. Асыл тукум ишин өнүктүрүүдө породаны райондоштуруу, мал аукциондорун өткөрүү иштери жүргүзүлөт.