Кирүү

Аяк шал ылаңы

Аяк шал ылаңы - малдын буттарынын иннервациясынын бузулушунан алардын кыймылынын жана тканынын рефлекстик дүүлүгүсүнүн толук жоголушу. Аяк шал ылаңы мээнин (церебралдык шал) же жүлүндүн (жүлүн шалы) жана четки нервдердин ооруга чалдыгышынан улам пайда болот.

Алдыңкы жана арткы буттарды иннервациялоочу четки нервдердин оорусу малда көп учурайт. Малдын астыңкы бутунун адатта омуроо түйүн нервдери, далы, үстү, билсек, чыканак нервдери, арткы бутунун көчүк, жото, балдак, сан, жапкыч нервдери бузулат. Дарылоо ыкмалары: укалоо, дүүлүктүргүч май сыйпоо, теринин астына вератрин, стрихнин куюу жана башка ыкмалар.

Ой-пикирлер