Кирүү

Жер астындагы суулар

Жер астындагы суулар - жер кыртышынын үстүңкү бөлүгүндөгү тоо тек катмарларында суюк, катуу (тоң), газ абалындагы суулар. Жер астындагы суулар - жалпы суу ресурстарынын бир бөлүгү; сугат жана суу менен камсыз кылуу булагы катары эл чарбасында мааниси чоң. Жер астындагы сууларды гидрогеология изилдейт. Молекулалык күч менен кармалып туруучу байланыштуу суу жана оордук күчүнүн таасиринен же басымдын бирдей эместигинен кыймылда болуучу бош - гравитациялык суу болот. Байланышсыз суулар топтолгон тоо тек катмары суулуу горизонт деп аталат.

Жайгашкан орду боюнча борпоң тоо тектердеги көзөнөк (көңдөй) сууларына, таш жаракаларындагы сууга, оңой эрүүчү карбонат тоо тектериндеги карст сууларына бөлүнөт. Жайгашуу шартына жараша топурак суулары, аэрация зонасында суу өткөрбөөчү катмардагы суулар, жер бетине жакын жайгашкан суулуу катмардагы кыртыш суулары, суу өткөрбөөчү катмарлардын аралыгындагы суулуу горизонттордо топтолгон катмар аралык сууларга (басымдуу, басымсыз, артезиан суулары) бөлүнөт.

Ой-пикирлер