Десикация өсүмдүктү кургатуу, мааниси
Десикация - түшүм жыйноо алдында өсүмдүктү кургатуу; айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн машина менен жыйноону жеңилдетүү максатында жүргүзүлөт. Өсүмдүк химиялык зат - десикант менен кургатылат. Десикант өсүмдүктүн бышкан урук, мөмө, азык тамырына зыян келтирбей, жалбырак, сабагын гана кургатат. Десикант катары түрдүү химиялык препараттар (магний хлораты, каптакс, реглон, тиомочевина жана башка ) пайдаланылат. Десикация пахта, шалы, буурчак, картошка жана башка өсүмдүк түшүмүн жыйноо алдында жүргүзүлөт.
- Комсток куртчасы
- Диктиокаулез ылаңы
- Жүзүмзар жумуштарын механикалаштыруу
- Каракөл көрпөсү
- Коомдук натуралай фонду
Ой-пикирлер