Кирүү

Капуста чымыны

Капуста чымыны - кадимки чымындар тукумундагы зыянкеч курт-кумурска. Капуста жана башка кайчы гүлдүү өсүмдүктөргө зыян келтирет. Жазгы жана жайкы эки түрү белгилүү. Жазгы капуста чымынын өңү боз, узундугу 6-6,5 миллиметр. Личинкасынын узундугу 8 миллиметр, куртка окшош, өңү ак. Мурунку ССРБ нин аймагында бардык жерине таралган. Кыргызстандын Ысык-Көл жана Чүй өрөөндөрүнөн кезигет. Жылына эки-үч жолу тукумдайт. Куурчакчасы топуракта (10-15 миллиметр тереңдикте) кыштап, жазында чымындар учуп чыгат да, капустанын өзөк тамырына, же ага жакын жерге жумурткаларын таштайт.

Личинкалар капуста же тамыр моюнчасы, сабагы менен азыктанат, зыян тарткан өсүмдүк солуп калат же өсүшү начарлап, түшүмү азаят. Жайкы капуста чымыны - жазгы капуста чымынынан бир аз чоңдугу, канатынын саргычтыгы менен айырмаланат. Мурунку ССРБ нин аймагында бардык аймагынан кезигет. Чымындар жумурткаларын топ-тобу менен капустага жакын топурак жаракаларына таштайт. Личинкалары өзгөчө кеч отургузулган капуста тамырына зыян келтирет. Жылына 1 жолу тукумдайт. Каршы күрөшүү чаралары: тоңдурманы терең айдоо; таза жана жакшы көчөт отургузуу; отургузулган капусталарга хлорофос, метафос чачуу.

Ой-пикирлер