Кирүү

Агрардык өнөр жай бирикмеси

Агрардык өнөр жай бирикмеси айыл чарба продукциясын даярдап, аны кайрадан иштеп чыгуу жана сатуу иштерин камтыган өндүрүштүк-чарбалык комплекс; агрардык өнөр жай комплексин башкаруу системасындагы баштапкы звено. Бирикмеге колхоз, совхоз, чарба аралык ишканалар (уюмдар), аларды тейлөөчү жана айыл чарба өндүрүшү менен байланышы бар ишкана, уюмдар кирет.

Алар чарбалык өз алдынчалыгын, укуктук жак катары укугун сактайт. Бирикменин жогорку органы — Бирикме совети Эл депутаттарынын райондук совети тарабынан түзүлөт. Советке анын төрагасы (ал бир эле мезгилде райаткомдун төрагасынын 1-орун басары да болуп эсептелет), 1-орун басары (орун басары), кызматы боюнча колхоз төрагалары, совхоз директорлору, ошондой эле бирикмеге кирген башка ишкана, уюмдардын жетекчилери, тийиштүү коомдук уюмдардын өкүлдөрү кирет.

Мамлекетке продукция сатуу планынын негизинде Бирикме ар бир колхоз, совхоз, ишканаларынын мамлекетке айыл чарба продукция сатуу планынын долбоорун иштеп чыгат; колхоз, совхоз жана башка айыл чарба ишканаларына капиталдык салымды, бюджеттик ассигнованиелерди, кредитти, ошондой эле материалдык-техникалык ресурстарды бөлүштүрөт.

Советтин чечими боюнча бирикме карамагындагы колхоз, совхоз, ишкана, уюмдардын айрым өндүрүштүк-чарба милдеттерин борборлоштуруп аткарууну уюштурат; типтүү нормативдин негизинде ишкана, уюмдун бирикмеде аткарган жумушуна акы төлөө тарифин бекитет, колхоз, совхоз жана башка ишканалардын бири-бирине тапшырган (өткөргөн) мал, тоют, материал жана башка үчүн эсептешүү баасын белгилейт; айыл чарба өндүрүшүн адистештирүү, жайгаштыруу планын иштеп чыгат жана башка Бирикме, ошондой эле айыл чарба продукциясынын түрлөрү боюнча мамлекеттик буйрутманы толук аткарууну, түзүлгөн өндүрүштүк потенциалды натыйжалуу пайдаланууну, жердин күрдүүлүгүн арттырууну, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн, малдын кунардуулугун, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылат.

Ой-пикирлер