Кирүү

Кесиптик-техникалык окуу жайы

Кесиптик-техникалык окуу жайы - ССРБ айыл чарба ишканалары үчүн жогорку квалификациялуу жумушчуларды даярдоочу окуу жайы болгон. Тракторчу-машинист, электромонтёр, мал чарба фермаларынын механизатору, техника ремонттоо боюнча слесарь, жашылча-жемиш өстүрүүчү, мелиоратор жана башка кесиптер боюнча жумушчулар даярдалган. Айылдык кесиптик-техникалык окуу жайын 15 жашка толгон, 8 класс билими бар, ден соолугу чың балдар менен кыздар (көбүнчө айылда жашаган) кабыл алынат. Окууга өткөндөргө акысыз кийим, тамак-аш жана стипендия берилген.

Мындан тышкары колхоз, совхоз жана башка айыл чарба ишканаларына өндүруштүк практикага барганда эмгек акы төлөнгөн. Окутуу иши зонадагы табигый-экономикалык шартка жараша жүргүзүлгөн, дыйканчылык менен мал чарбасынын адистелиши, аларда пайдаланылуучу машина системасы эске алынган. Окуучулар трактор, комбайн жана башка айыл чарба машиналарын үйрөнүү менен катар, дыйканчылык менен мал чарбасынын негизи, электротехника, чийме жана башка боюнча билим алышат, айыл чарба машиналарын ремонттоого жана айдоого көнүгүшөт. Окууну ийгиликтүү бүткөндөргө белгилүү бир кесипке ээ болгондугу жана орто билим алгандыгы жөнүндө диплом берилген. Ал диплом жогорку окуу жайына өтүүгө укук берген.

Ой-пикирлер