Кирүү

Көчмөн чарбаларды отурукташтыруу

Көчмөн чарбаларды отурукташтыруу - Кыргызстанда Совет бийлиги орногондон кийин жүргүзүлгөн. Улуу Октябрь социалдык революциясына чейин Кыргызстанда негизинен мал багуу өнүгүп, чарба накталай мүнөздө болгон. Совет бийлигинин алгачкы жылдарында Кыргызстандагы 160 миң дыйкан чарбасынын 80 пайызга жакыны көчмөн жана жарым көчмөн болгон. Мындай шартта өндүрүш өтө жай өнүгүп, ага байланыштуу социалдык мамилелердин өнүгүшү да артта калгандыктан кыргыз көчмөн чарбалары коомдук-саясий, социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүнүн жогорку баскычына көтөрүлө алган эмес.

Алгачкы күндөрдөн тартып партия менен өкмөт бул чарбаларды отурукташтырууга багыт алган. Көчмөн элди отурукташтыруу маселеси ВКП(б) Кыргыз обкомунун пленумунда (1931,1-4-февраль) жана Кыргыз АССРинин Советтеринин 3-съездинде (1931, 6-12-февраль) атайын каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынган. 1931-жылы 3-апрелде Кыргызстан ЭКСтин алдында көчмөн чарбаларды отурукташтыруу боюнча республикалык комитет, 17-декабрда райкомдор түзүлгөн. Айыл-кыштактарда ушул маселеге арналган жыйналыштар жана слёттор өткөрүлгөн. Тап душмандары көчмөн элди отурукташтырууга каршылык көрсөтүшкөн. Бирок ага карабастан 1931-1937-жылдары жарым миллиондон ашык көчмөн калк отурукташып, коллективдүү чарбаларга айланган.

Кыргызстан КП(б) нын 4-съезди (1940, март) республикадагы көчмөн чарбаларды отурукташтыруунун аякталышын жогору баалаган. Совет мамлекети отурукташкандарга стандарттуу турак үйлөрдү, чарбалык-өндүрүш пункттарды, маданий-агартуу жана медициналык мекемелерди, мектептерди, соода, коомдук ашканаларды жана башка куруп берген. Отурукташкандар колхозго өтүп, коомдук-саясий турмушка активдүү катыша баштаган. Партиянын отурукташтыруу саясаты кыргыз дыйкандарына оокаттуу. жана маданияттуу турмушка кеңири жол ачкан.

Ой-пикирлер