Кирүү

Каракөл көрпөсү

Каракөл көрпөсү - каракөл коюнун 1-2 күндүк козусунун көрпөсү. Көрпөнүн жүнү тармал, жумшак, жылтырак, жылмакай, коюу келип, өңү көбүнчө кара (80%), боз (12-15%) келип, кээде кара көк, күрөң, ак, кызгылтым, чаар жана башка болот. Жаңы алынган каракөл көрпөсүн адегенде этчелден тазалап, бетине аш тузун сээп, 7-10 күн кармагандан кийин кургатылат. Кургатылган тери ашатылып, ийленип, акырында карага боёлот.

Каракөл көрпөсү Мамлекеттик стандартка жараша сорттолот. Эң кичинеси 500 сантичарчы/метр, эң чоңу 1100 сантичарчы/метр болот. Каракөл көрпөсү жакет, жака, баш кийим жана башка мех. буюмдары жасалат. Кооздугу, бышыктыгы жана жеңилдигинин натыйжасында ССРБ де (негизинен Түркмөн ССРи, Өзбек ССРи, Тажик ССРинде даярдалган) жана чет өлкөдө абдан бааланган. Каракөл көрпөсүн эл аралык рынокко ССРБ (каракөл көрпөсүн даярдоо боюнча дүйнөдө 1-орунда), Афганистан жана Түштүк-Батыш Африка берет. Дүйнөдө жылына 10 миллиондой каракөл көрпөсү даярдалат.

Ой-пикирлер