Кирүү

Айыл чарбасын механикалаштыруу

Айыл чарбасын механикалаштыруу - айыл чарба өндүрүшүндө кол эмгегин механикалаштырылган эмгек менен алмаштыруу (толук же жарым-жартылай) процесси. Айыл чарба өндүрүшүнүн маданиятын жогорулатуу - алдыңкы технологияны өздөштүрүү, эмгек жана каражатты аз жумшап, көп түшүм алуу, малдын кунардуулугун жогорулатуу айыл чарба механикалаштырууга байланыштуу; бул айыл чарбасын ургаалдаштырууга көмөк берет.

Айыл чарба механикалаштыруу объектилери, баскычтары

Дыйканчылыкта - саздак жерди кургатуу, сугат, жер айдоо, малалоо, үрөн себүү, өсүмдүктү багуу (өсүмдүктүн катар аралыгын жумшартуу, жер семирткич чачуу, өсүмдүк илдети менен зыянкечтерине каршы күрөшүү, отоо чөптү жок кылуу ж. б.), түшүм жыйноо, тоют даярдоо ж. б.; мал чарба фермаларында - тоют бөлүштүрүү, кык чыгаруу, мал сугаруу, уй саадыруу, кой кыркуу ж. б.; көмөкчү ишканаларда - айыл чарба техникасын ремонттоо жана башкалар.

Айыл чарбасын механикалаштыруу бир нече баскычтан турат

Алгачкы баскычы ат жана кол шаймандарына, ортоңку баскычы трактор жана башка механикалык жана электр кыймылдаткычтарына, жогорку баскычы автоматтык түрдө башкарылчу механикалык жана электр кыймылдаткычтарына негизделет.

Механикалаштыруу, ошондой эле 4 этапка бөлүнөт

  • Жарым-жартылай механикалаштыруу, мында машина айрым гана иштерде колдонулат;
  • толук механикалаштыруу - энергия, эмгекти көп талап кылуучу жумуштар механикалаштырылат;
  • комплекстүү механикалаштыруу - кол эмгеги негизги операция жана процесстерде эле эмес, көмөкчү процесстерде да механикалаштырылган эмгек менен алмаштырылат;
  • комплекстүү автоматташтырууда (механикалаштыруунун эң жогорку түрү), көптөгөн операция жана процесстерде адам эмгегин толук алмаштыруучу түзүлүштөр колдонуп, операция же процесстердин жүрүшү автоматтык түрдө башкарылат же жөнгө салынат.

Механикалаштыруу, ошондой эле 4 этапка бөлүнөт

СССРде айыл чарбанын техника менен кайра жабдуу совет бийлигинин алгачкы жылдарында эле башталган. Айыл чарбасын механикалаштыруу айыл-кыштакты социалдык негизде кайра куруу, айыл чарбасын коллективдештирүү, колхоз, совхоз, МТСтерди уюштуруу, кийинки жылдарда чарба аралык ишканаларды (уюмдарды) түзүү менен тыгыс байланышта. 1921-ж. В. И. Ленин "Айыл чарба машина куруу жөнүндөгү" декретке кол койгон; бул декрет өлкөдө оор өнөр жайынын айыл чарба машина куруу тармагын өнүктүрүүгө негиз болду. 1930-33-ж. Сталинград, Харьков, Челябинск трактор заводдору ишке киргизилди.

Ростов айыл чарба машина куруу заводу (1930) айыл чарба машинасын падышалык Россиядагы заводдордун бардыгынан 2 эсе көп чыгара баштады. Запорожьедеги "Коммунар" дан комбайн заводу (1931) алгачкы комбайнды айыл чарбасына жөнөттү. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде өлкөнүн чыгышында Красноярск дан комбайн заводу, Алтай трактор заводу, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстанда (Фрунзе айыл чарба машина куруу заводу) айыл чарба машина куруу заводдору жана башка пайда болду. Согуштан кийин Владимир, Минск, Липецк трактор заводдору, Гомель айыл чарба машина куруу заводу, Таганрог, Тула дан комбайн заводдору жана башка курулду.

СССР мезгилиндеги КРдагы механикалаштыруу

Ата мекендик трактор, автомобиль жана машина куруу өнөр жайларынын өнүгүшү социалдык айыл чарбаны өндүрүмдүү техника менен жабдууну камсыз кылды. Өлкөнүн айыл чарба жыл сайын кубаттуу трактор, комбайн жана башка айыл чарба машиналарын алып турду. 1981-84-ж. өлкөнүн айыл чарба 1458 миң трактор, анын ичинде 193 миң К-700, К-700А, К-701, Т-150К маркасындагы кубаттуу тракторду, 447 миң дан комбайнын, 917 миң жүк ташуучу автомобиль жана башка айыл чарба техникасын алган.

1985-ж. айыл чарбасына 393,2 миң трактор, 111,3 миң дан комбайны, 25 миң түрдүү айыл чарба машинасы жөнөтүлгөн; ушул эле жылдын башында колхоз, совхоз, чарба аралык ишканаларда 2,8 млн трактор, 16 млн электр кыймылдаткыч, 822 миң дан комбайны иштеген. 1966-84-ж. трактор кыймылдаткычтарынын жалпы кубаттуулугу 2,9 эсе көбөйгөн. Трактордун орточо кубаттуулугу 75 аттын күчүнөн (1980), 80,8 ат күчүнө (1984) чейин жогорулаган. 1985-ж. 1000 га айдоо аянтына 12,5 трактор, 1000 га эгинге 7,1 дан комбайны туура келген. Он экинчи 5 жылдыкта СССРдин экономикалык жана социалдык өнүгүшүнүн негизги багыттарына ылайык өлкөнүн айыл чарбасына дагы 1,9 млн трактор, 1,6 млн жүк ташуучу автомобиль жана башка техника берилет. Айыл чарба өндүрүмдүү машиналардын комплекси, адистештирилген транспорттук, жүктөө-түшүрүүчү каражаттар менен жабдылат. Айыл чарбанын техника менен жабдуунун натыйжасында эмгектин энергия менен жабдылышы да артат. 1966-84-ж. айыл чарбасында энергетикалык кубаттуулуктар 3,1 эсе, эмгектин энергия менен жабдылышы З,6 эсе көбөйгөн. 1985-ж. 100 га айдоо аянтына 360 а. к-ндөгү энергия туура келген. Айыл чарбасында иштеген ар бир адамдын эмгегинин энергия менен жылдык орточо жабдылышы 1966-70-ж. - 10,9, 1971-75-ж. - 15,7, 1976-80-ж. - 22,8, 1981-84-ж. - 28,8, ал эми 1985-ж. - 32,0 болгон.

Айыл чарбасына техниканын көп берилиши кош айдоо, үрөн себүү, картошка, жүгөрү, кант кызылча, жашылча, пахтанын катар аралыктарын жумшартуу, жер семирткич чачуу, эгин оруп-жыюу, чөп чабуу, чөп үймөктөө, силостоо, кызылча казуу, дан тазалоону жана башка көптөгөн айыл чарба жумуштарын толук механикалаштырууга мүмкүндүк берди.

Эмгекти көп талап кылуучу жумуштар 1985-ж. уй фермасында 50 пайызга, чочко чарбасында 66 пайызга комплекстүү механикалаштырылган. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө комплекстүү механикалаштыруу: күн карама өстүрүүдө 78%, картошка 40%, кант кызылчасында 30%ти түзгөн. Айыл чарба үчүн механизатор кадрларды көптөгөн айылдык кесипчилик-техникалык окуу жайлары, инженер-техниктерди айыл чарба жогорку жана атайын орто окуу жайлары даярдайт.

Акыркы он жылда механизаторлордун саны 17% ке көбөйүп, 1985-ж. 1-апрелде 4,6 млн адамга жеткен; ар бир чарбада орто эсеп менен 87 механизатор эмгектенген. Айыл чарбасын механикалаштыруу боюнча илимий маселелерди СССР мамлекеттик агрардык өнөр жай комитеттеринин айыл чарбанын механикалаштыруу жана электрлештирүү, ремонттоо боюнча бүткүл союздук, республикалык, зоналык илимий изилдөө институттары иштеп чыгат. Көптөгөн эксперимент заводдору, тажрыйба жана машина сыноо станциялары бар. Трактор жана айыл чарба машина куруу министрлигинин долбоорлоо жана конструктордук илимий изилдөө мекемелери жаңы айыл чарба техникасын түзүү боюнча иштейт.

Айыл чарба механикалаштырууда техникалык прогресстин негизги жолдору: эмгектин энергия менен жабдылышын кыйла жогорулатуу, айыл чарба өндүрүшүнүн бардык тармагын комплекстүү механикалаштыруу, негизги тармактарга өндүрүштүн үзгүлтүксүз иштөө ыкмаларын киргизүү, айыл чарба машиналарынын техникалык сапатын жакшыртуу. Механикалаштыруунун эң жогорку түрү - айыл чарба өндүрүш процесстерин автоматташтыруу менен катар электрондук-эсептегич машина айыл чарба өндүрүшүнө киргизилип, пландоо жана башка эсеп-кысап иштери да толук бойдон механикалаштырылат.

Ой-пикирлер