Кирүү

Ветеринария деген эмне

Ветеринария (латынча мал багуучу, мал дарылоочу) - мал ылаңын, мал кунардуулугун арттыруу маселелерин, калкты антропозооноздордон сактоо ыкмаларын изилдөөчү илимдер системасы. "Ветеринария" термини, ошондой эле малды ылаңдан, калкты оорудан алдын алууга багытталган мамлекеттик жана коомдук иш-чаралардын комплексин да камтыйт. Ветеринария биологиялык илимдердин циклине кирип, медицина, физикалык , химиялык жана башка илимдердин жетишкендиктеринин негизинде өнүгөт. Техникалык ветеринарияны аппаратура жана техника каражаттар менен жабдыйт.

Ветеринария илимдер системасы катары анатомия (нормалдуу жана патологиялык), гистология, микробиология, паразитология, вирусология, клиникалык диагностика, айрым патология жана терапия, ветеринардык санитария, фармакология, токсикология, хирургия, акушерлик жана гинекология (малды колдон уруктандыруу кошо), зоогигиена, иммунология, эпизоотология, ветеринардык - санитардык экспертизаны жана башкаларды камтыйт. Азыркы ветеринариянын негизги милдеттери жугуштуу (протозооз, гельминтоз, арахноз-энтомоз) жана жугушсуз ылаңдардан малды сактоо болуп эсептелет. Адам менен малга бирдей тиешелүү ооруларга (малдын вирустуу ылаңынан жугуучу) каршы күрөшүү айрыкча мааниге ээ.

Гельминтоздорду (фациолёз, эхинококкоз, финноз) -жок кылуу ветеринариянын зарыл милдети болуп эсептелет. Көптөгөн жугуштуу ылаңдардын табигый чыккан жерин изилдебей туруп, аларга каршы күрөшүү мүмкүн эмес. Сырткы чөйрөнү ылаң козгогуч жана тараткычтардан арылтуу, мал чарба продуктуларын ветеринардык-санитардык жактан баалоонун жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу мал чарбасы жана гигиена үчүн мааниси чоң. Малдын кысыр калышына каршы күрөшүү ветеринариянын маанилүү милдеттеринин бири. Мал ылаңын дарылоо жөнүндөгү алгачкы маалымат биздин заманга чейинки 4-миң жылдыкка таандык.

Байыркы Египетте башка илимдер менен катар ветеринария да окутулган; мал дарылоочу адистер болгон. Тигр жана Евфрат дарыясынын боюндагы өлкөлөр ылаңдын көп түрүн, аларды дарылоо жолдорун билишкен жана башка мисалдар. Байыркы Грецияда малды гиппиатрлар же иппиатрлар деп аталгандар дарылаган. Орто кылымда ветеринария "гиппиатрика" (жылкы дарылоо жөнүндөгү окуу) деген ат менен өнүккөн. Гректер менен римдиктер ветеринария боюнча көп эмгектерди жараткан. X кылымда байыркы гректердин ветеринария боюнча эмгектери "Гиппиатрика" аттуу жалпы жыйнакка бириктирилген. Орто кылымда ветеринария өтө жай өнүккөн.

Батыш Европада чарбанын капиталдык формасы жана товардык мал чарба пайда болушуна байланыштуу ветеринария иши боюнча адистерди даярдоо зарылчылыгы туулуп, 1761-жылы Лиондо алгачкы ветеринария мектеби ачылган. Ветеринардык окуу жайлар кийин Альфора (1765), Копенгаген (1773), Вена (1775) жана башка жерлерде иштей баштаган. XVI-XVII кылымдарда Россияда ветеринария боюнча орусча оригиналдуу же котормо чыгармалар колдонулган. 1808-жылы Петербург жана Москва, 1818-жылы Вильно медицина-хирургия академияларында ветеринардык бөлүмдөр ачылган.

1849-жылы Дерпт, 1851-жылы Харьков ветеринария мектептери ачылып, кийин институтка айландырылган, Казань шаарында ветеринардык институт уюшулган. Бирок, айыл чарбанын жеке капиталдык мүнөзүнө, анын чачкындуулугуна, бирдиктүү ветеринардык тармактардын жоктугуна, ветеринардык кызматчылардын аздыгына байланыштуу ветеринариядагы илимий жетишкендиктер, ылаңга каршы күрөшүү чаралары жана каражаттары аз пайдаланылган.

Ошого карабастан, Я. К. Кайданов, В. И. Всеволодов, И. И. Равичтин жана башка эмгектери аркылуу орус ветеринариясы дүйнөгө белгилүү болгон. Кыргызстанда ылаңдын көп түрү: жылкынын сары өзөк, маңка, сакоо, желе курт, учунуу, кырчаңгы жана башка түрлөрү ; уйдун өлөт, көк көйнөк, шарп, кара сан, жилбик жана башка түрлөрү ; койдун күл, секиртме, сарык, түйнөк жана башка түрлөрү .; эчкинин кара өпкө, котур жана башка ылаңдары, ошондой эле малдын жаталак, кызыл май, зорук, бычалгы, жем түшүү, муун аксак, жонок, жоор, күнч, бөкөн, жээк, кээңги жана башка дарттары мурдатан эле белгилүү болуп, аларга каршы чара көрүлүп келгендиги белгилүү. Мурунку ССРБ де ветеринария иши Совет бийлигинин алгачкы жылдарынан эле мамлекеттик зор иш катары өнүккөн.

Өлкөдө ветеринария кызматы мал ылаңын болтурбоону алдын алуу, мал кунардуулугун арттырууга багытталган иш-чараларды уюштуруп, ветеринардык-санитардык жактан таза мал чарба азык-түлүк жана сырьёлорун алууну камсыз кылат, калкты зооноздон сактап, башка өлкөлөрдөгү малдын жугуштуу ылаңын ССРБ аймагына таратпоого кам көргөн. Бул милдеттерди аткарууда ветеринария ишке борборлоштурулган пландуу жетекчилик, ветеринардык иш-чаралар, бирдиктүү ветеринардык мыйзамдар, атап айтканда ССРБ ветеринария уставы көмөк көрсөткөн. ССРБ де мамлекеттик жана ведомстволук ветеринарияга бөлүнөт.

Мамлекеттик ветеринариянын уюм жана мекемелерине ССРБ мамлекеттик агрардык өнөр жай комитеттеринин, союздук республикалардын, АССР, облусу жана крайлык агрардык өнөр жай комитеттеринин ветеринария органдары жана алардын карамагындагы станция (мал ылаңына каршы күрөшүүчү, мал азык-түлүгүн контролдоочу), дарылоо ветеринария мекемелери, ветеринардык участка, лаборатория жана башка кирет. Ведомстволук ветеринария колхоз, совхоз, чарба аралык ишкана, уюмдардын жана башка ветеринардык врач жана фельдшерлеринен турат.

ССРБ де ветеринария кызматын ветеринардык башкы башкармасы аркылуу ССРБ мамлекеттик агрардык өнөр жай комитети жетектеген . Республикалык ветеринария органдары жалпы союздагыдай уюштурулуп, областтык , крайлык агрардык өнөр жай комитеттеринде ведомстволук бөлүмдөр болот. Райондо (шаарда) ветеринардык ишти райондун (шаардын) башкы ветеринария врачы, колхоз, совхоздордо жана башка чарбанын башкы ветеринария врачы уюштуруп, жүргүзөт. ССРБ де ветеринария илиминин өнүгүшүнө зарыл шарттар түзүлгөн.

Ветеринария боюнча алгачкы илимий изилдөө институттары 1918-1920-жылдары уюшулган. Азыр көптөгөн ветеринардык илимий изилдөө институттар, ветеринардык станция, илимий - өндүрүштүк лабораториялар иштейт. Башкы илимий изилдөө институттар: эксперименттик ветеринария ; гельминтология, ветеринардык-санитардык ; ветеринардык микробиология жана вирусология жана башка Советтик илимпоздордун ветеринария боюнча эмгектери кеңири белгилүү. Советтик гельминтология мектеби (К. И. Скрябин негиздеген) дүйнөгө маалым.

Ветеринардык микробиология жана эпизоотологияга (Я. В. Коляков, С. Н. Вышелесский, И. И. Кулеско ж. б.) протозоологияга (В. Л. Якимов, А. А. Макаров жана башка ) көп салым кошулду. М. С. Ганушкин малдын жугуштуу ылаңын классификациялап чыкты. Ветеринардык санитария (А. А. Поляков), жугушсуз ички ылаңдардын патология жана терапиясы (Г. В. Домрачев) боюнча чоң ийгиликтерге жетишилди жана башка. Кыргызстанда ветеринария боюнча илимий изилдөөлөрдү Кыргызстан ветеринардык илимий изилдөө институтуту , Кыргызстан айыл чарба институту, Кыргыз Республикасынын илимдер академиясынын Биохимия жана физиология институту жүргүзөт.

Ой-пикирлер