Кирүү

Ашкабак жашылча-жемиш өсүмдүгү

Ашкабак - ашкабактар тукумундагы бир же көп жылдык өсүмдүк. 13 түрү бар. Негизинен анын 3 түрүнүн (жемиши чоң ашкабак, катуу кабыктуу же кадимки ашкабак жана мускат ашкабак) мааниси чоң.

Жемиши чоң ашкабактын (Cucurbita maxima) сабагы узун, чырмалып же төшөлүп өсөт; жалбырагы жазы, гүлү коңгуроо сымал, өңү сары, жемиши чоң (40-50 кгдай), шар сымал, боз же ак түстө, уругу саргыч же ак, сулпу, кабыгы жумшак. Ашкабактын тоют жана тамак-ашка пайдалануучу түрлөрү бар.

Катуу кабыктуу же кадимки ашкабактын (Cucurbita pepo) сабагы кырдуу, жалбырагы манжа сымал, тикендүү. Жемиши сүйрү, жылтырак, кочкул сары, сулпу саргыч, таттуу. Бул түрүнө: жашылча ашкабагы патиссон, кабак кирет.

b>Мускат ашкабактын - сабагы жана жалбырак сабы жумуру, кырдуу, жемиши көбүнчө сүйрү, саргыч күрөң, сулпу кызгылт сары, Кыргызстанда Мускат, Кашгар 1644 сорттору өстүрүлөт. Ашкабактын бардык түрүнүн гүлү айрым жыныстуу, кайчылаш чаңдашат. Ашкабактын жемишинде 15-18% кургак зат, 8-10% түрдүү кант, 15-20л/г С витамини, 8-10л/г каротин ж. б.; уругунда 20-40% - май болот. Тоюттук 1000 килограмм ашкабакта 14,5 тоют бирдиги жана 0,7 килограмм сиңимдүү белок бар. Ашкабактын уругу менен жемиши дарылыкка колдонулат.

Ашкабактардын (Cucurbitaceae) эки үлүштүүлөр классындагы өсүмдүктөр тукумунда 300дөй түрү (100 уруусу) бар. Кыргызстанда 2 турү өсөт. Ашкабактардын көбү жерге төшөлүп сойлоп өсүүчү бир жылдык өсүмдүктөр, кээ бири бадал. Жалбырагы кезектешип жайгашат, формасы жүрөк сымал, манжа сымал ири тилкелүү. Колтук өркүндөрүнүн түрү өзгөрүлүп узун мурутчаларга айланган.

Ал мурутчалары аркылуу башка нерсеге чырмалып өсөт. Гүлү туура түзүлүштүү (актиноморфдуу), 5 мүчөлүү, жалгыз топ (2-3) гүлдүү, айрым жыныстуу, бир же эки үйлүү, кайчылаш чаңдашат. Мөмөсү - ширелүү жемиш, кээде салмагы 100 кгга чейин жетет. Уругу көп, эндоспермсиз, жазы урук үлүштүү. Ашкабактарга бадыраң, дарбыз, коон, ашкабак кирет. Көпчүлүк ашкабактардын уругунан тамак-аштык жана техника май алынат. Бальзам момордикасы, ак таман, кадимки ашкабактын жана башка дарылык мааниси бар.

Ой-пикирлер