Кирүү

Витаминдүү тоют

Витаминдүү тоют - табигый өсүмдүк жана жаныбар тектүү, ошондой эле витамини көп аралаш тоют. Витаминдүү тоютту рационго кошуп, малга керектелүүчү витаминди толуктоого болот. А витамини каротинге бай көк чөптө көп болот. 1 килограмм тоюттагы каротин (миллиграмм менен ) уй бедеде 30-161, бедеде 61, кызылча жалбырагында 30-40, жакшы кургатылган чөптө 20-30, чөп унунда 100-250, жүгөрү силосунда 15-46, сабизде 70-95, чанактуу өсүмдүктө 30-100; Д витамини (миллиграмм менен) чанактуу өсүмдүктүн кургак чөбүндө 750-900, уузда 100-200, балык майында 50000; Е витамини (миллиграмм менен ) чанактуу өсүмдүктөрдүн көк чөбүндө 100-150, кургатылганында 70, көк бедеде 154, кургатылганында 25.

Ой-пикирлер