Кирүү

Колхоздун финансы планы

Колхоздун финансы планы - чарбанын өндүрүш-финансы планынын бир бөлүгү; пландалган жылдагы (жыл бою жана квартал сайын) негизги өндүрүштүк иш боюнча акча каражаттардын жүгүртүлүшү чагылдырылат. Колхоздун финансы планында пландуу түшүүчү акча, узак жана кыска мөөнөттүү кредиттин өлчөмү, мамлекеттик финансы милдеттенмени орундоого жумшалган чыгым, өндүрүш чыгымдары, анын ичинде колхозчулардын эмгек акысы көрсөтүлөт.

Колхоздун финансы планынын кириш бөлүмүндө учурдагы счётто жана колхоздун кассасында жыл башында калган каражаттар; дебитордук карызды төлөө үчүн түшкөн каражаттар; өткөн жылы капиталдык салым жана капиталдык ремонтко пайдаланылган сумманын (айланма каражат боюнча) ордун толтуруу; негизги өндүрүштүк ишке жумшалган чыгымды толуктоо (капиталдык салым жана капиталдык ремонт фондусунун эсебинен), көмөкчү өндүрүш наркы; узак мөөнөттүү кредит суммасы (эмгек акы, асыл тукум музоо сатып алуу) жана башка көрсөтүлөт.

Колхоздун финансы планынын чыгыш кылуу бөлүмүндө төлөнгөн эмгек акы; колхозчуларды социалдык камсыздоо боюнча союздун борборлоштурулган фондуга чегерим; материал сатып алууга жумшалган чыгымдар; капиталдык салымдарга амортизациялык чегерим; бөлүнбөс фондуну толуктоо үчүн которулган акча суммасы; жалпы чарбалык чыгымдар, мал сатып алууга жумшалган акча каражаттары; атайын фондудан жумшалган акчалай чыгымдар; киреше салыгы; камсыздандыруу төлөмү; кыска мөөнөттүү ссуда боюнча карыз акча суммасы жана башка чыгым жана чегеримдер катталат. Колхоздун финансы планында бүтө элек өндүрүш үчүн жана айланма каражатты толуктоого чарба керектөөчү кредиттин өлчөмү көрсөтүлөт.

Ой-пикирлер