Кирүү

Айыл чарба өндүрүшүнүн товардуулугу

Айыл чарба өндүрүшүнүн товардуулугу - товардык продукция көлөмүнүн алынган продукциянын жалпы көлөмүнө болгон катышы. Товардуулук продукция түрлөрү (накталай көрсөткүчтөрүн пайдалануу менен) боюнча, өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарба тармактары боюнча, жалпы айыл чарба өндүрүшү боюнча эсептелиши мүмкүн.

Товардуулук так көрсөтүлүшү үчүн дүң жана товардык продукциянын салыштырмалуулугу камсыз болушу зарыл. Бул максатта дүң жана товардык продукцияны өз наркы боюнча баалоо, салыштырма баа колдонулушу мүмкүн; бул көрсөткүчтөр чарбанын жылдык отчётторунда болот.

Ой-пикирлер