Кирүү

Кыргызстан зоналык тамеки тажрыйба-селекция станциясы

Кыргызстан зоналык тамеки тажрыйба- селекция станциясы - "Тамеки" илимий-өндүрүш бирикмеси. 1937-жылы Фрунзеде Бүткүл союздук тамеки жана махорка илимий изилдөө институтунун Казакстан филиалынын базасында Фрунзе тажрыйба-селекция станциясы катары уюшулган. 1965-жылы Кыргызстан тажрыйба-селекция станция аталып, Талас областынын Киров районуна көчүрүлгөн.

1974-жылдан Өзгөн шаарына которулуп, азыркыча аталат. Станция ишинин негизги багыттары: тамекинин түшүмдүү, сапаттуу жаңы сортун чыгаруу; тамеки өстүрүү, түшүм жыйноо жана аны алгачкы иштетүүдөн өткөрүү технологиясын өркүндөтүү; эмгекти көп талап кылуучу жумуштарды механикалаштыруу; тамеки илдети менен зыянкечтерине каршы иш-чаралар-ды иштеп чыгуу, ошондой эле таза сорттуу тамеки уругун даярдап, чарбаларга таратуу. Станция тамеки көчөтүн бир эле аянтка 4-5 жыл катар өстүрүү ыкмасын жана башка иштеп чыккан. 1985-жылы станцияда 3 лабораториялык - селекция, агротехника, жыйналган тамеки жалбырагын алгач иштетүү лабораториялары болгон.

Ой-пикирлер