Кирүү

Бооз мал

Бооз мал деген эмне - тубар малдын уруктангандан төлдөгөнгө чейинки физиологиялык абалы.

Бооз кой

Бооз кой - койдун уруктангандан козу тууганга чейинки физиологиялык абалы. Кой козусун 150 күн көтөрөт. Породасына, жашына, эттүүлүгүнө, ошондой эле жыл мезгилине жараша кой мөөнөтүнөн 3-5 күнгө эрте же кечигип төлдөшү ыктымал. Козунун түйүлдүк кезинде жакшы өсүшү жана туулгандан кийин тез жетилиши үчүн койду бооз кезинде туура тоюттандыруу, багуунун мааниси чоң.

Койдун бооз мезгилинин 1-жарымы аяктаганда ичтеги козунун салмагы жаңы туулган козунун салмагынын 10% ын түзүп, акыркы 2 айында тез чоңоёт. Ушуга байланыштуу бооз койдо зат алмашуу кескин жогорулап, сиңимдүү затты, айрыкча протеинди көп талап кылат. Бул учурда койдун рационуна сапаты жакшы чөп, силос жана жем кошулат. Бооз мезгилдин 1-жарымында койдун порода жана салмагына жараша тоюттандыруу өлчөмү (кой башына 1 суткада); 0,75-140 тоют бирдиги, 60-120 грамм сиңимдүү протеин, 2,5- 4,5 грамм кальций, 1,8-3,0 грамм фосфор, 10-15 миллиграмм каротин, 8-12 грамм туз; 2-жарымында -1,0-1,95 тоют бирдиги, 95-195 грамм сиңимдүү протеин, 6,5-10,5 грамм кальций, 3,2-5,5 грамм фосфор, 15-25 миллиграмм каротин, 10-14 грамм туз. Бооз токтуларды тоюттандыруу өлчөмү 15-20 пайызга көп болот.

Бооз мегежин (чочко ургаачысы)

Бооз мегежин - мегежиндин уруктангандан торопой тууганга чейинки физиологиялык абалы. Торопоюн 113-114 сутка көтөрөт. Аны бооз кезинде туура тоюттандырып, жакшы багуунун мааниси чоң. Рациону белок, углевод, минералдык зат жана витаминдерге бай болуп, чыктуу тоют, витаминдүү чөп же сенаж жана жашыл масса менен тоюттандырылышы зарыл. Сапатсыз тоют (тоңгон, ачыган, чириген) жана өтө мүздак суу берүүгө болбойт.

Бооз уй

Бооз уй - уйдун уруктангандан музоо тууганга чейинки физиологиялык абалы. Уйдун бооз мезгили орто эсеп менен 282-285 күн; породасына, тоюттандыруу, багуу жана башка шарттарга жараша 260-340 күнгө жетет. Бооз мезгилдин алгачкы 5 айында түйүлдүк суткасына 15 грамм, 6-7 айлыгында 150-200 грамм, 8-9 айлыгында 400 граммдан салмак кошуп, бооз мезгилдин 1-жарымынын акырында 1,5-3 килограммга жетет. Алгачкы 3 айда музоонун денеси жумасына 1 сантиметр, кийинки айларда 2,5 сантиметрден узара баштайт.

Бооз мезгилдин 1-жарымында уй аймаңкы келет; 2-жарымында музоонун чоңоюшу үчүн сиңимдүү заттар көп берилип, жакшы тоюттандырылбаса, музоо начар туулушу мүмкүн. Тууруна жакындаганда уйду тоюттандыруу нормасы күнүнө 6,5-9,0 тоют бирдигин түзөт; 780-1080 грамм сиңимдүү протеин, 65-110 грамм кальций, 35-65 грамм фосфор, 325-450 грамм каротин жана 40-70 грамм кайнатма туз берилет. Бооз уйдун рациону сапаттуу чөп (айрыкча протеин жана минерал заты көп, витаминдүү), сенаж же силос, жем жана башкалардан түзүлөт. Тууруна бир жума калганда өзүнчө туут бөлмөсүндө багылат.

Ой-пикирлер