Кирүү

Көчмө электр станциясы

Көчмө электр станциясы - транспортко орнотулма электр станциясы. Ал жергиликтүү электр тармагынан алыс жерде жана негизги электр булагы бузулганда электр энергиясы менен камсыз кылууга арналган. Көчмө электр станциясында адегенде бензин, кийин дизель кыймылдаткычтары да пайдаланыла баштаган. Көчмө электр станциясы негизинен талаа станын, кыркын пункттарын, жайыттагы саан установкаларын, талаадагы насос установкаларын, курулуш, ремонт мастерскаяларын, курулуш материалдарын чыгаруучу ишкананы жана башкаларды электр энергиясы менен жабдууда пайдаланылат. Айыл чарбасында пайдаланууга ыңгайлуу жана түзүлүшү жөнөкөй, кубаттуулугу 10-200 кВт ПЭС-15Л, ПЭС-12М, ДЭСМ-30, ДЭСМ-50 маркасындагы көчмө электр станциялары пайдаланылат.

Ой-пикирлер