Кирүү

Автоцистерна чарбада

Автоцистерна (латын тилинен — идиш дегенди билдирет) — рамага орнотулган бак - цистерналуу автомобиль; суюктук ташууга пайдаланылат. Цистернанын сыйымдуулугу автомобилдин жүк көтөрүмдүүлүгүнө жараша болуп, цистернанын алды жагында бекитилген металл пластинада көрсөтүлөт. Авто цилиндр, тик бурчтук, жумуру жана башка формада болот. Айыл чарбасында суу, суюк отун, сүт, суюк жер семирткич жана ушу сыяктууларды ташууда сыйымдуулугу 2—8 миң литрлик автоцистерна көп колдонулат.

Автоцистерналар түзүлүшү, жабдылышы боюнча айырмаланат. Суюк отун (бензин ж. б.) ташуучу автоцистерна насос, шланг (соруучу, куюп берүүчү), өрт өчүргүч жана башка менен жабдылып, түтүн чыгаргычы автомобилдин радиаторунун асты жагына бекитилет. Коюу нефть продуктуларын ташуучу автоцистернада жылыткыч болот. Сүт ташуучу автоцистерна жылуулук өткөрбөс болуп жасалат. Суу ташуучу автоцистернада мал сугаруучу жабдуулар орнотулат. Өрт өчүргүч автоцистерна кубаттуу насосу, суюк жер семирткич (аммиактуу суу) ташуучу автоцистерна тиешелүү жабдуулар болот. Автоцистерна менен ташылган суюктук коромжуга учурабайт.

Ой-пикирлер