Кирүү

Гидромодуль

Гидромодуль - белгилүү мезгилде (1 сезондо) 1 гектар айыл чарба өсүмдүгүн сугарууга чыгымдалган сугат суусунун орточо өлчөмү (литр менен) гидромодуль гектарына литр/секунда менен белгиленет.

Сууну керектөөчү гидромодуль (сугат тармагына кеткен суу чыгымын эсепке албагандагы 1 гектар аянтка чыгымдалган суу) жана сууну пайдалануучу гидромодуль (сугат тармагына кеткен чыгымды эсепке алгандагы 1 гектар аянтка чыгымдалган суу) болуп айырмаланат. Гидромудулду жана сугат аянтын билип, бир жолку сугатка жана бардык сугат үчүн керектелүүчү суунун өлчөмүн аныктоого болот.

Ой-пикирлер