Кирүү

Антропозооноздор адам жана мал оорулары

Антропозооноздор, зооантропоноздор - адам менен малга жалпы тиешелүү жугуштуу жана инвазиялуу оору, ылаңдар. Буга туберкулёз, си6ирь кулгунасы, бруцеллёз, шарп, кутурма, чума, туляремия, эхинококкоз, трихинеллёз жана башка кирет. Антропозооноздордун козгогучу ылаңдаган же таза малда да болот. Оору адамга көбүнчө малдын кайнатылбаган сүтүн, чала бышкан этин пайдаланганда, ылаңдуу малды бакканда, ветеринариялык жардам көрсөткөндө жана башка жугат.

Антропозооноздордон айырмаланып зооноздор малдын (бодо мал, кой, эчки, чочко ж. б.) гана ылаңын козгоп, адамга жукпайт. Антропозооноздордун көбүнүн (туляремия, чума ж. б.) табигый очогу - ылаң чыккан жер болот. Анда ылаң козгогуч жаныбарлардын (суур, чычкан, курт-кумурска ж. б.) биринен экинчисине өтүп сакталат. Алдын алуу: Антропозооноздорду өз убагында аныктап, оорунун очогун жок кылуу, илдеттүү малды бөлүп коюу, вакциналоо, кан сары суусун куюу, карантин чектөө.

Ой-пикирлер