Кирүү

Кара тамыр

Кара тамыр -эндиктер тукумундагы көп жылдык өсүмдүк. Түндүк Африкада, Азиянын батышында 25 тей түрү белгилүү; 10 дон ашык түрү мурунку ССРБ нин аймагында, Европа бөлүгүндө жана Батыш Сибирдин токойлорунда кездешет, эң негиздүүсү дары кара тамыр жана орус кара тамыры. Орус кара тамырынын жалбырагы жазы, бийиктиги 1 метрден ашык, көгүлтүр же сары гүлдүү, тамыры жоон.

Дары кара тамыр медицинада, ветеринарияда колдонулат. Орус кара тамыры тоют өсүмдүгү. Жашыл массасынан силос, чөп уну даярдалат. Нымдуу жерде гектарынан 300- 1000 центнер силос массасы алынат. Түшүмдү негизинен жалбырагы берет. Орус кара тамырынан даярдалган 100 килограмм жашыл тоютта 16 тоют бирдиги, 2,3 килограмм аш болумдуу протеин жана 600 миллиграмм каротин болот. Чөбүн чочко, коён, үй куштары, уй жакшы жейт.

Ой-пикирлер