Данектүү мөмө дарагы
Данектүү мөмө дарагы - роза гүлдүүлөр тукумунун кайналы тукумчасындагы өсүмдүк. Буга чие, кайналы, кызыл өрүк, гилас, шабдалы, алча жана башка кирет. Дарактардын өсүшү, түшүмдүүлүгү бир кылка эмес. Данектүү мөмө дарагы уруктуу өсүмдүктөргө караганда эрте гүлдөп тез бышат. Көпчүлүгү көчөт тигилгенден 3-4 жылдан кийин эле мөмө байлап, жыл сайын мол түшүм берет. Мөмөсү жаңы кезинде желет; андан кыям, компот, шире кайнатылат.
- Атрофия ткандардын соолуусу (чарбада)
- Күйкө
- Аяк шал ылаңы
- Кой жана эчки чарба институту
- Кыргызстанда колхоз кыймылын жетектөө
Ой-пикирлер