Кирүү

Витаминдүү өсүмдүктөр

Витаминдүү өсүмдүктөр - киши жана мал үчүн витамин булагы жана витаминдүү концентратты алуу үчүн чийки зат болуучу өсүмдүктөр. Провитаминдерди, башкача айтканда жаныбарлардын организминде витаминге айлануучу заттарды синтездеп, жыйноочу өсүмдүктөр да витаминдүү өсүмдүктөргө кирет. Мисалы, өсүмдүк А витамининин булагы боло албайт, бирок аны түзүүчү каротин бардык өсүмдүктүн курамында болот.

Өсүмдүктө Д витамини да болбойт, бирок өсүмдүктөрдө кеңири таралган эргостеринден кишинин, жаныбарлардын организминде Д витамини пайда болот, ошондой эле андан Д витамин препараты даярдалат. Адамдар А витаминин сабиз, ашкөк, капуста, козу кулак, көк пияз, көк буурчак, өрүк, чычырканактын ашы жана башкалардан алат. Тоют өсүмдүктөрүнөн каротин беде, уй беде, жылгын жана башкаларда көп болот.

В витаминдеринин комплекси өсүмдүк дүйнөсүндө кеңири таралган. Өндүрүштө В1 В2, РР витаминдери дан өсүмдүктөрүнүн түйүлдүгүнөн, ачыткылардан В6 витамини жана биотин пиво жана нан ачыткыларынан алынат. В12 көк жашыл балырларда, В15 көпчүлүк өсүмдүк уругунда топтолот. С витамини (аскорбин кычкылы) өсүмдүктөрдүн дээрлик бардыгында, көбүнчө жалбыракта. пайда болот. Стериндер (Д провитамини) бардык эле өсүмдүктө кездешет. Өсүмдүк майында алар 0,5-0,6% болот. Е витамини (токоферол) көбүнчө айрым дан өсүмдүктөрдүн уругунда болот. К витамини (филлохинон) капуста жалбырагында, сабизде, ашкабакта, помидордо топтолот.

Ой-пикирлер