Кирүү

Дары каакым

Дары каакым - татаал гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык чөп өсүмдүк. Тамыры жоон, жалбырагы тамыр муунагына топтошуп жайгашкан. Гүл сабы көңдөй, бийикт. 5-50 сантиметр, гүлү ичке, сары. Шалбаа, жол бою, огород, үйдүн тегереги жана башка жерде өсөт. Дары каакым сүттүү өсүмдүк.

Сүтүндө тараксацин, инулин, кант, алма кычкылы, май, минерал туз жана башкалар , жалбырагы менен топ гүлүндө С, Вr витамини, каротин бар. Дары тамыры менен жалбырагынан жасалат. Ашказан, ичеги, боор, өт жарааттарын айыктырууда пайдаланылат. Дары каакым отоо чөп катары да белгилүү.

Ой-пикирлер