Кирүү

Жерди мамлекеттештирүү

Жерди мамлекеттештирүү - жерди жеке менчиктен мамлекеттик менчигине өткөрүү. Жерди буржуазиялык мамлекеттештирүү аны феодалдык жеке менчиктен капиталисттик жер ээлөө формасына өткөрүү шартынын бири болчу. Социалисттик революциянын бөлүгү катары жерди мамлекеттештирүү жөнүндөгү алгачкы талапты К. Маркс менен Ф. Энгельс "Коммунисттик партиянын манифестинде" койгон.

Анда жер жеке менчигин жоюп, жер рентасын мамлекеттик чыгымдын ордун толтурууга жумшоо көрсөтүлгөн. Россиянын конкреттүү шартына жараша агрардык маселенин маркстик теориясын өнүктүрүп, В. И. Ленин жерди мамлекеттештирүү жөнүндөгү маселени иштеп чыкты. ССРБ де жерди мамлекеттештирүү Улуу Октябрь социалдык революциясынын натыйжасында жүзөгө ашты. Жерди мамлекеттештирүү жөнүндөгү маркстик-лениндик окуунун дүйнөлүк коммунисттик кыймыл үчүн да мааниси чоң.

Ой-пикирлер