Кирүү

Ачыткы козу карындар

Ачыткы козу карындар - түрдүү морфологиялык, физиологиялык жана биохимиялык касиеттеги бир клеткалуу козу карындар тобу. Клеткалары тоголок же сүйрү, узундугу 8-11, туурасы 5-7 мк. Негизинен вегетативдик, кээси жыныстык жол менен көбөйөт. 25-30°С чөйрөдө жакшы өөрчүйт. Ачыткы козу карындарда сапаттуу белок, углевод, В тобундагы витаминдер арбын. Табиятта кеңири таралган. Углевод (кант, декстрин, крахмал), спирт, органикалык кислота жана башка азоту жок көмүртек бар жерде - мөмө-жемиш жана алардын ширеси, крахмалдуу заттар, бал, кыям, сүт азыктарында жакшы өөрчүйт.

Ошондой эле туздалган тамак-аш, эт, топуракта да болот, бирок анда углевод аз болгондуктан начар өсөт. Ачыткы козу карындар кантты спиртке ачытары мурунтан белгилүү. Ачыткы нан бышырууда, сыра даярдоодо, спирт, глицерин өндүрүшүндө, сүт өнөр жайында, эргостеринди, нуклеин кислоталарын алууда колдонулат. Айрым ачыткы козу карындар тоютка кошумча катары, медицинада В витамини жетишпегенде, зат алмашуу бузулганда, чыйкан кайталап чыкканда колдонулат. Ачыткы козу карындардын зыяндуу (тамак-ашты бузуучу, ылаң, оору козгоочу) түрлөрү да бар.

Ой-пикирлер