Кирүү

Жумабаев Алахун

Жумабаев Алахун (1896, Ош областы, Кара-Суу району, Дыйкан-Кыштак кыштагы - 1976, ошол эле жерде) -пахтачы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1951). Улуу Ата Мекендик согуштун (1941-1945) катышуучусу. 1945-жылдан баштап Ош областынын Кара-Суу районундагы "Кызыл-Шарк" (кийин Таширов атындагы ) колхозунда бригадир болуп иштеген. 1950-жылы ал жетектеген бригада 50 гектар жердеги пахтанын ар гасынан 46,66 центнер түшүм жыйнай алган. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Ой-пикирлер