Кирүү

Кургакчылык

Кургакчылык - өсүмдүктүн нымдуулук менен камсыз болушун бузуучу агрометеорологиялык кубулуш комплекси. Кургакчылык суу режимин бузуп, түшүмдү азайтат, кээде өсүмдүк куурап калат. Кургакчылык антициклон болгон кезде башталып, жыл мезгилине жараша негизинен жазгы, жайкы, күзгү болуп бөлүнөт. Жазгы кургакчылык эрте эгилген өсүмдүктөргө, күзгү кургакчылык күздүк өсүмдүктөргө, жайкы кургакчылык жайында эгилген өсүмдүктөргө зыян келтирет. Айрыкча жазгы-жайкы, жайкы-күзгү кургакчылык өтө зыяндуу, анткени мындай Кургакчылык эки сезонго созулат.

Кургакчылык түштүк-батыш жана борбордук Казакстанда, Орто Азия республикаларында, Европанын түштүк-чыгышында көп болот. ССРБ де 1921, 1931, 1936, 1946, 1957, 1967, 1971-жылдары кургакчылык болгон. Кургакчылыкка каршы агротехника, мелиорациялык жана гидромелиорациялык иш чаралардын комплекси жүргүзүлөт. Буга кар топтоо, терең айдоо, жер семирткич чачуу, токой тилкелерин көбөйтүү сыяктуу агротех. иштер кирет. Кургакчылыкка чыдамдуу өсүмдүктөрдүн сортторун эгүү жана башка чоң мааниге ээ.

Ой-пикирлер