Кызылча жөнүндө маалымат
Кызылча - шакардуулар тукумундагы эки жылдык өсүмдүк уруусу. 6 (башка маалымат боюнча 15) түрү Батыш Европа, Батыш Азия, Жер Ортолук деңиз боюнда, Индияда кездешет. Эгилме кызылча кадимки галофит кызылчасынан таралган. Ал биздин заманга чейинки 1,5-2 миң жыл мурда Ассирия, Вавилония, Иран, Арменияда жашылча, дары-дармек өсүмдүгү катары өстүрүлгөн. Кадимки кызылчанын 1-жылы азык тамыры жана топтошкон саптуу жөнөкөй ири жалбырактары чыгат. 2-жылы гүлдөп, урук байлайт. Гүлү эки жыныстуу, жашыл же агыш. Курт-кумурска жана шамал аркылуу кайчылаш чаңдашат. Бүчүр сымал мөмөсү 2-6 дан биригип өсүп, ичинде уруктары болот. ССРБ де кызылчанын жалгыз уруктуу сорту чыгарылган.
Эгилме кызылчанын түрчөлөрү: жалбырагы жашылча катары пайдаланылуучу жалбырак кызылча же мангольд кызылчасы жана кадимки азык тамыр кызылча (аш кызылча, кант кызылчасы, тоют кызылчасы). Кызылчанын үрөндүк уругун өстүрүүнүн 2 жолу бар. 1) Кайра отургузуу жолу. Кызылчанын биринчи жылкы майда азык тамырын күзүндө казып алып, талаанын четиндеги аңга (траншеяда) көөмп сактайт. Кийинки жылы жазында иргеп, талаага отургузат да, уругу алынат. 2) "Түз", башкача айтканда кайра отургузбастан түшүм алуу жолу. Мында жайында, күзүндө талаага кызылчанын уругу себилет.
Кызылча өсүп чыгып, 5-8 жуп жалбырак байлап, кыш келгенде өсүшүн токтотот. Кийинки жылы талаадагы өсүмдүк кайра жанданып, гүлдөй турган сабагы өсүп чыгып, уруктун түшүмүн берет. Мында продукциянын өз наркы төмөн болуп, айыл чарба жумуштарын механикалаштырууга ыңгайлуу келет. Бул ыкманы кышы жумшак зоналарда (Кыргызстандын Чүй өрөөнү, Казакстандын Жамбыл областы, Өзбекстандын Кашка-Дарыя, Сурхан-Дарыя облустарында, Азербайжан ССР, Украинанын жана Краснодар крайынын түштүгүндө) колдонууга ылайыктуу.
Кызылчачылык
Кызылчачылык - дыйканчылыктын кант өнөр жай үчүн чийки зат даярдоочу тармагы. Кант алуудагы негизги чийки зат - кант кызылчасы. Дүйнөнүн кант өндүрүшүндө кант кызылчасынан кант алуу 30%- ды, бал камыштан -70% ды түзөт. Өлкөдө кант заводдору 1 тонна сырьёдон 140-150 килограмм кант, 750-800 килограмм той, 35-4,0 килограмм патока иштеп чыгарат. Кант кызылчасынын сабак, жалбырактары малга баалуу тоют. Кант кызылчасы Түндүк жарым шардын мелүүн алкагындагы өлкөлөрдө 9 миллион гектардан ашык жерде өстүрүлөт. ССРБ де 11-беш жылдыктын аягында 3,4 миллион гектарга жакын жерге эгилген.
Түшүмдүүлүгү гектарынан 241 центнер (1985). Кызылчанын негизги аянттары Украинада (58,8%), РСФСРде (30,1%), ошондой эле Молдавия, Казакстан жана Литвада. Кыргызстанда 1925-1983-жылдары өстүрүлгөн. Акыркы жылдары Кыргызстандын чарбалары үрөндүк кант кызылчасын өстүрүүгө өтүп, мында өз наркы төмөн, кайра отургузбай өстүрүү ыкмасы колдонулууда. Кант кызылчасы чиринди катмары калың, кара топурактуу жерде, кумдак топуракка караганда чополуу топуракта жакшы өсөт. Кара топураксыз жерде органикалык жана минерал жер семирткич колдонулат.
Жер семирткич чачуунун орточо нормасы: гектарына 20-30 тонна кык, 30-60 килограмм N. 30-90 килограмм Р2О5, 45-50 килограмм КгО. Топурактын нейтралдуу реакциясы (РН 6-7) кызылча үчүн ыңгайлуу келет. Которуштуруп айдоо системасында кант кызылчасы күздүк эгинден кийин өстүрүлөт. Которуштуруп айдоо системасы 8, 9, 10 талаадан туруп, анда кызылча 22-30% ын ээлеши мүмкүн. Жерди айдоо тереңдиги 28-30 сантиметр, үрөн аралыгы 45-60 сантиметр келген катарларга 4-5 сантиметр тереңдикте себилет. Кызылчанын кеңири таралган сорт жана гибриддери: Рамонск, Ялтушковск, Белоцерковск полигибриди -1, Кыргыз полигибриди -18 жана башка.
Кызылча суюлтуу
Кызылча суюлтуу - жөөктөгү, чөнөктөгү ашык өсүмдүктү кол же культиватор менен алып таштоо. Кызылча суюлтуу алгач өнүм чыкканда трактор суюлткуч менен (тереңдиги 4-5 сантиметр) жүргүзүлөт. Мында отоо чөп жок кылынып, топурак жумшартылат, ным сакталат жана кызылча тамырына аба жакшы барып, тамыр зыянкечтери жоготулат. Суюлтуу кеч жүргүзүлсө жарыктын жетишсиздигинен өзөгү тез өсүп, начар жалбырактанат да өсүмдүк кеч жетилип, түшүм азаят. Кызылча суюлтууда өсүмдүк катар аралыгын иштетүүчү культиватор же суюлткуч машина пайдаланылат. Суюлтуу өсүмдүктүн биологиялык өзгөчөлүгүнө жараша ар гектардан 80-90 миң түп кызылча калгыдай кылып иштелет.
Кызылча тобу
Кызылча тобу - кант өнөр жайынын калдыгы. Малга жаңы, ачытылган же кургатылган түрүндө берилет. Жаңы кезинде абдан чыктуу келет. Кургатылган кызылча тобу углеводдорго бай келип, малга сиңимдүү болот. Кызылча тобун силос чуңкурларында аба киргизбей жакшы сактаса ачытылган силос тоютуна айланат. Анын сапатын жакшыртуу үчүн ачытар алдында чыгынан арылтып, нымдуулугу 70-75% болгондо, кычкыл сүт бактериясын кошот, мында протеин көп болуп, мал сонуркап жейт. Кургатылган кызылча тобунун нымдуулугу 10- 13% болот.
Ал бүртүк же чубурма түрүндө чыгарылат да ташууга жана сактоого ыңгайлуу. Кургатылган кызылча тобу азык заты боюнча жогору турганы менен протеини аз болот. Уйга суткасына 50-60 килограмм, бордокуга 70 килограммга чейин берилет. Саан уйга суткасына 40 килограмм жаңы же ачытылган кызылча тобун берүүгө болот, андан көп берилсе сүттүн сапаты начарлап, майы даамсыз болуп, чыгарылган быштагы кеч жетилет.