Кирүү

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы - чарбада же башка аймактык бөлүнүштө (район, облус, край, республика, өлкө) айыл чарба өсүмдүктөрү эгилген бардык аянттан алынган (жыйналган) түшүм.

Сов. айыл чарба статистикасында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы айрым өсүмдүк түрү (буудай, арпа ж. б.), ошондой эле өсүмдүктүн бир нече түрү (бардык дан жана данбуурчак өсүмдүктөр, бакча өсүмдүктөрү, силостук өсүмдүктөр ж. б.) боюнча алынган жана реалдуу жыйналган продукция көлөмү катары аныкталат.

Статистика органдары айыл чарба өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымын облус край, республиканын ар биринде жана өлкөдө чарбанын бардык түрү боюнча жалпы жана колхоз, совхоз жана башка айыл чарба ишканалары, ошондой эле колхозчу, жумушчу, кызматчылардын көмөк чарбалары боюнча өзүнчө эсептейт; ал эми колхоз, совхоздор жана башка айыл чарба ишканалары боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы административдик райондор боюнча да эсептелет.

Айыл чарба статистикасында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымын алдын ала (негизинен 1-ноябрда) жана биротоло (жылдын аягында) аныктоо кабыл алынган. Дүң жыйым колхоз, совхоздордун отчётторунун жана колхозчулардын бюджетин иликтөөнүн негизинде аныкталат.

Ой-пикирлер