Кирүү

Азык-түлүк тоңдуруу

Азык-түлүк тоңдуруу - тез бузулуучу азык-түлүктү көпкө сактоо үчүн анын ширеси тоңгондон төмөнкү температурага чейин муздатып консервалоо ыкмасы. Төмөнкү температурада сактоодо азык-түлүктөгү микробиологиялык процесс токтолуп, ферменттик жана физикалык-химиялык процесстер басаңдайт. Өсүмдүк жана жаныбар тектүү азык-түлүк тканындагы суюктукта эриген заттардын концентрациясына жараша - 0,4° С ден - 4° С ге чейинки температурада тоңот; эттин ширеси - 0,6... -1,2°С, кан - 0,55... -0,56°С, жумуртканын агы - 0,45°С, балык -0,6... -2°С, сүт -0,55°С, алма - 1,5... -2,1°С, жүзүм - 2°С, картошка - 1,1 - 1,6°С де тоңо баштайт.

Азык-түлүктү - 18-20°С ге чейин муздатып тоңдуруу жетиштүү болот, анткени андагы суюктуктун 88-90% тоңот. Тоңдурууда аба, туздуу же органикалык эритмелер, суюк азот, фреон, азот кычкылы, аммиак жана башка муздаткыч агент катары пайдаланылат. Тоңдурулган тамак-аштын аш болумдуулугун жана сапатын сактоодо тоңдуруу ылдамдыгы мааниге ээ.

Жай тоңдурууда тканда чоңчоң кристаллдар пайда болуп, клетканы бузат да кайра эриткенде андан ширеси көп чыгып, азык көпшөк тартып, аш болумдуулугу төмөндөйт. Тез тоңдурууда муз кристаллдары текши, майда болуп, клетканы бузбайт. Эриткенде продуктунун формасы менен структурасы сакталып, ширеси аз бөлүнөт жана витаминдери жакшы сакталат. СССРде эт, ич эт, куш эти, чала фабрикат, жумуртка массасы (кабыксыз), балык, жашылча, мөмө-жемиш тоңдурулат.

Ой-пикирлер