Кирүү
Айыл чарба бөлүмү
Күкүрт, S - Менделеевдин мезгилдик системасынын VI тобундагы химиялык элемент. Атомдук номери 16, атомдук салмагы 32,06. Массалык сандары 32, 33, 34, 36 болгон табигый 4 изотобу бар. Жасалма жол менен алынган радиоактивдүү изотопторунан 830 маанилүү.
Күйүк - жогорку температурадан, химиялык заттан, электр тогу же радиациянын таасиринен ткандын бузулушу. Мал күйүгү мал короо-сарайларында чыккан өрттөн, дезинфекциялоочу эритмелерди жана башка химиялык каражаттарды туура эмес даярдап пайдалануудан болушу
Күйкө - шумкарлар тукумундагы жырткыч куш. Күйкөнүн 2 түрү (кадимки жана талаа күйкөсү) бар. Кадимки күйкөнүн дене узундугу 38 сантиметрге чейин, салмагы 240 граммдай канаты жайылганда 82 сантиметр болот.
Куш чарба институту - мамлекеттик агрөнөр жай комитетинин Бүткүл союздук илимий изилдөө жана технологиялык куш чарба институту. 1931-жылы Москва областынын Загорский шаарында уюшулган. Бөлүмдөрү: куш этин даярдоо технологиясы; жумуртка алуу технологиясы;
Кушум жылкысы - минги-чегилме жылкы породасы. Урал жана Ак-Төбө областтарындагы (Батыш Казакстан) жергиликтүү бээлерди таскактуу, таза кандуу жана дон жылкысынын айгырлары менен аргындаштыруудан 1930-1963-жылдары чыгарылган.