Кирүү

Жылкы текей өсүмдүгү

Жылкы текей - татаал гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк, Европа, Азияда 150 түрү белгилүү, мурунку ССРБ нин аймагында 50 дөй, анын ичинде Кыргызстанда 15 түрү өсөт. Сабагы бутактуу, бийиктиги 30- 100 сантиметрге чейин жетет. Жалбырагы (чети тегиз) кезектешип жайгашат. Топ гүлү - себетче, чатыр. Чабынды, шалбаа, жайыттарда өсөт. Жылкы текейдин айрым түрү (шалбаа жылкы текей, бүдөмүк жылкы текей) жашылча катары тамак-ашка колдонулат. Көпчүлүк түрү балдуу, дарылык жана тоюттук мааниси да бар, ширесинде каучук болот. Агротехника жактан начар иштетилген айдоолордо - отоо чөп. Каршы күрөшүү чаралары: коңтормо айдоо, жылкы текей гүлдөгөнгө чейин чаап жок кылуу.

Ой-пикирлер