Кирүү

Жумадылова Мария

Жумадылова Мария (1927-жылы туулган, Ысык-Көл областы, Ысык-Көл району, Темировка кыштагы ) - Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957). 1959-жылдан баштап ССКП мүчөсү. Эмгек жолун 1945-жылы Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районундагы Куйбышев атындагы колхоздо колхозчу болуп иштөө менен баштаган. 1947-жылдан баштап апийим өстүрүүчү звенонун звено башчысы болуп. иштеген. Анын звеносу 1955-жылы апийим кырып-жыйноонун тапшырмасын 168 пайызга, өзү 400 пайызга аткарган. 1957-1958-жылдары звено 5,8 гектар аянттагы апийимден түшүм жыйноодо планын 3 эсе, өзү 5,5 эсе ашык аткарган. 1959-1963-жылдары Кыргыз ССР ЖСинин депутаты. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. 1984-жылдан баштап пенсияда.

Ой-пикирлер