Кирүү

Жолбун

Жолбун. Бул - негизи терс түшүнүк. "Жолдон кошулуучу" -деген мааниге барабар.
Адатта, ал кыргыздарда ургаачыларга карата айтылган. "Кыз алган зайып", "жеңе зайып", "келин зайып", "токол зайып" дей­биз. Жолбун, жубан алган зайып. Зайыптар ич-ара күнүлөшүүдө мунун баркын көтөрүүнүн ордуна, кайра "Ой, ал анын жолбун каты-ны, кечээ эле келди" - демек, абысындардын арасында баркың анча артылбаган аял имиш. Акыйкатта "Атка бергис кунан бар, кызга бер-гис жубан бар..." Төрөгөн аял жолбунга жатпайт.
Жолоочуга жолдон каңгып жүргөн иттер кошулат. Ээрчип алат. Ал ага бакма да болуп калат. Өтмө мааниде тереңирээк түшүнүүдө жогорудагы зайыпты ушуга салыштыруу олдоксонураак болот.

Ой-пикирлер