Кирүү

Жергиликтүү мал

Жергиликтүү мал - кайсы бир аймакка же өлкөгө гана тиешелүү мал. Алар жергиликтүү климатка жана чарбалык шарттарга жакшы көнүккөн жана өзүнчө өзгөчөлүктөргө (кеч жетилет, кичине болот, тоютту көп талап кылбайт, ылаңга чыдамкай келет жана башка ) ээ. Мисалы, якут ую катаал климатка, Четки Түн-түн жергиликтүү тоютуна көнүккөн, сүтү абдан майлуу (5-6%); кыргыз ую бийик тоолуу шартка көнүгүп, жыл бою жайытта багылган жана эт-сүт азыктуулугу аз болгон; Орто Азиядагы зебу түрүндөгү уй ысык, кургакчыл климатка жана кан соргуч мите пайда кылуучу ылаңга чыдамдуу келет. Адатта жергиликтүү малдын кунардуулугу төмөн болот. Жергиликтүү малдын негизинде уйлардын өтө кунардуу породалары - холмогор, ярославль, казак ала баш ую жана башка чыгарылган. Кой, жылкы жана башка малдын жергиликтүү породалары да жергиликтүү мал деп аталат.

Ой-пикирлер