Кирүү

Жайылма - суу бөлүгү

Жайылма - дарыя өрөөнүнүн агын суулардын шилендилеринен турган бөлүгү. Суу киргенде жайкап кетет. Түздүктөгү дарыялардын жайылмасынын туурасы ондогон чакырымга жетет. Тоолуу жериндеги дарыяларда жайылма анча чоң аянтты ээлебейт. Мурунку ССРБ нин аймагында жайылма өлкөнүн аймагынын 1,9% дайын ээлеген. Жайылманын топурагы органикалык заттарга өтө бай. Жайылманы өздөштүрүү андагы айдоо, шалбаа жана токойлорду туура бөлүштүрүү, киргин сууларды, жер астындагы сууларды жөнгө салуу, топуракты эрозиядан сактоо, туура которуштуруп эгүү жана башка жолдор менен ишке ашырылат.

Ой-пикирлер