Кирүү

Жеңенин бир саны кайнисиники

"Жеңенин бир саны кайнисиники". Албетте, жеңелер -
келечекте балдарыбызга эле эмес, өзүбүзгө да эне.. Ал тууралуу
жогоруда учкай баяндык. Жеңебиз эне болгондон кийин алар - кир-
ди кол аркылуу кармагыс асыл-заадалар. "Жененин бир саны кай-
нисиники" - кийин чыккан одоно сез. Айрым ажыкыздар, адеби
жоктор, уялбай жакын эле жеңелерин тамашага чалат. Чымчыгы-
лайт, абийирсиздигин көрсөтөт. Ойдо жок сөздөрдү жылдырат.
Көңүлдөш болуп алууга далбас урат. Муну эли-журтубуз бети жок-
тук, жексур катары көрүп келишкен. Эч качан ак никелүү аганын
төшөгүн аттаган эмес...
Мунун экинчи мааниси бар. Ал - жене зайыбын алуусу. Буга шарият жол берет.
Биринчиден, балалуу-чакалуу үй-бүлөнүн башын ачып, башка тарапка тентитип-тербитип жибербөөсү;
Экинчиден, ошол жайдагы турмушту улоо, кийинки теролген бал­дар менен бир туугандыкта өсүп чоңоюусу;
Үчүнчүдөн, торой элек мыкты женелерди да кетирбей, бирөөлөрүнө алып берүү менен андан бала көрүүсү...

Ой-пикирлер