Кирүү

Жакшынын көзү кор, кулагы кер

"Жакшынын көзү кор, кулагы кер". Албетте, жакшыны "жак­шы" дейбиз. Соз мааниси мында. Ошол мыкты адамдын бир сапаты бар. Ал көзүнө көрүнгөндү, кулагы укканды, тотен, начар жагдайлар-ды таназар ала бербейт. Аны билүүгө ал куштар эмес. Анын артынан сая түшүп, өзүнүн кадыр-баркына доо кетирбейт. Көрсө, кермексен,

укса, укмаксан кала берет. Бирөөлөрдү уятка калтыргысы келбейт. Арийне, мындай керунуш чыгыш элдерине таандык алгылыктуу са­паттардан болуп саналат. Макалдын маа­ниси мындай: Кайсы пайгамбар сабаа экени белгисиз. Биз Мукам-бет пайгамбар деп түшүнөбүз. Иши кылып бироо болуш керек. Анын аябай жакшы көргөн, касиеттуудой караган актайлагы жоголуп ке­тет. Акыры издеп, чарчап бүткөндөн соң, төлгөчүгө барышат. Ба­рып тол го салдырышат. Төлгөчү ак тайлак баланча жерде турга-нын айтып берет. Тайлак табылгандан кийин ишеним лайда болот. Эң эле мыкты толго "Пайгамбардын ак төөсү жоголгондогу толго" эл оозунда айтылып калат.

"Колу ойнооктун, оозу ойноок". Бул сөздүн төркүнү, адатта, уз-усталарга арналат. Алар кардар адамдар үчүн узданат-узанат. Буюм-кечелерин ойдогудай бүтүрүп бергени үчүн кардарлар алар­ды куру койбойт. Шарт боюнча акысын беришет. Чеберчилик колдо-рун сыйлашат. Биринен сала бири бирдемесин өткөрө берүүгө ара-кеттенет. Ошого карата уз-усталар кармаган үлгүлөрүн карап тур-гандай кылууга дымактанышат. Макалдын мааниси колундан буткон нерсе - мандай териң, таман акың. Ал өз оозуңа жетип турат. Т.а. "иштесеңтиштейсиң" дегенди билдирет.

"Уулуң чоңойсо, абийирдүү мйнен айылдаш бол, кызың чоңойсо, өнөрдүү менен айылдаш бол!" 1. Соз төркүнү мын­дай: Айлана-чөйрөнүн таасир берүүчү касиети зор. "Жакшыга жа-наш, жамандан адаш" - дейт. Бала эс тартаары менен айлана-чойро ага таасир корсотот. Таасир берүүчү адамга жакындашууга умтулуу пайда болот. Улуулардын баскан-турганы ага үлгү бе­рет. Ошондой болууга дымактана турган турпаты жагат. Ушундай жүрүш-турушка эгедер болгусу келет. Дал келүүчү кесип, адис-

тиктандоого аракеттенет. Абийирдүү менен айылдаш болууга ким-дер максаттанбаган.

2. Мында да чөйрө чоң мааниге ээ болот. Кыз балага кыргызда узчулукту биринчи катарга коет. Килемчи, өрмөкчү, түймокчү, быч-мачы, тикмечи, саймачы, оймочу болуш үчүн айыл ичинде уздар ке­рек. Алардын тегерегинде үйрөнчүктөрү бар. Андай жерлерге имер-чиктоо аркылуу енер осот. Жолун жолдоого шарттар түзүлөт.

Ой-пикирлер