Кирүү

Шаар бузулду

Шаар бузулду. Илгертеден келе жаткан нарктуу сөздүн маани­си мындай: үй-бүлөчүлүктө бирөөнүн ашкере маанайы, төгүлүп тур­ган жылдызы, мээрими, адамдын аруу касиети бар. М.а. кут болот. Ал ошол үйдүн шооласындай туюлат. Кокустан анын көзү өтсө, бая-гыдай эмес, үй ичи комсоо, келди-кеттилердин аягы тыйылат. "Кай-ран жан кетти эле, шаар бузулгандай абалда калды. Эми андай кай-дан жаралат" өндүү өкүнүчтүү сөздөр ийинден тына айтылып ка­лат. Албетте, бул ургаачыларга, эркектин жакшы жарына карата чыккан туюнтма.

Ой-пикирлер