Кирүү

Кыргыздардын каада-салттары. ТҮНДҮК КӨТӨРҮҮ

Чал жыгар — кудалар кыздын атасынын үйүндо жатканда абышкалар келип "чал жыгарымды" бер деп сурашат. Аларга күйөө атасы бир ат берет, бербесе өздөрү жыгып алышат.
Укурук байтал — түндүк көтөрүү болуп жатканда "укурук байталды бер" деп жылкычылар келгенде, күйоо атасы жактан аларга да бир жылкы берилет.
Орок кой — "орок коюбузду бер" деп дыйкандар келишет. Аларга да күйоө атасы тараптан 2—3 кой берилет.
Өргөө жабар — кыздын үйүн тигерде "өргөө жабарыбыздЫ бер" — деп зайыптар келишет, аларга мал берилет.
Бардык ымыр бүткөндөн кийин түндүк көтөрүлөт, башкача айтканда, кыздын үйү тигилет. Бул учурда кыздын атасы өзүнүн бир жакын адамына эрик берилет, ал киши өзү каалаган бир малды же буюмду салып алат. Баканга кебез байлап түндүккө тиреп коюлат. Түндүк көтөрдү алган киши бир кадырлуу тонду желбоого алып келип илип коёт.
Кызды атасынын үйүнө, чыгдандын жогору жагына, жүктүн бурчуна көшөгөгө отургузуп, башына дейилде, кымкаптан жаап, зайыптар үн тартып кошот, ар үн таштаган сайын кыз кыңшып турат. Кошкондо ар түрдүү жактарын, мисалы: куданын жакшы, жаман кылыктарын жана өздөрүнүн кызматтары айтылат жана кызга үгүтнасаат айтылат. Күүгүмдө күйөө менен кызга жана күйөө жолдошко кийим кийгизет да, тигилген үйгө алып кирип, бир малды садага деп союп, башын түндүктөн чыгара ыргытканда, эшиктеги күтүп тургандардан баш колго тийген киши ошо малдын этин бүт алат, жер жемиштер да чачылат.
Кыз ойнотуу — кыздын атасы — кыз ойноторду берсин деп кудага айтат. Куда бир ат, же тоо берет. Кыз атасы өзүнүн бир жакын адамынын үйүнө алып барып ойнотот.
Токмок салуу — калың чүпүрөктөн бурап, эшип жасалат, ал токмок деп аталат. Оюн баштоочу келин токмокту бир жигитке алып салганча жигит тура калып келин экоо жар көрүшөт, жигит мактоо менен ырдайт. Токмокту келин күйөө жолдошко салып, көрүшүп, ырдагандан кийин күйөө менен кызды тургузуп жар көрүштүрөт. Күйөө үчүн күйөө жолдош ырдайт. Күйөө тарабынан бир жигит, кыз тарабынан бир келин оюнду башкарып, токмок салдырып ырдатып, жар көрүштүрүп кыз оюнду башкарат. Токмокту уурдаткан жигит ырдоого милдеттүү болот. Оюн арасында кыздар жигиттерди токмок менен урат. Оюн таң атканча болот. Оюн бүткөндө кыз ойноткон үйдүн ээси кыз менен күйөөгө жана анын жолдошуна тон кийгизет.
Кыздын себин жыюу, жаюу — кыздын атасы кызына бере турган жасалагаларын, мисалы: жууркан, килем, идишаяктар ж. б. үйдүн тышына жыят, кийитке берген чапандарды арканга керип илет, калк көрөт.
Жүк көрүү — кыз атасы жүктү, үптү санап көрсүн дейт. Күйөө жактан бир киши төө же ат жетелеп келип байлап жүктү санап корот да бир кадырлуу буюмду алып кетет.
Чара көтөрүү — куда бир малды союп бышырып чарага салып, бир атты жетелеп кыз атасына алып келет. "Каптын түбү, карындын кагынчыгы барбы?" деп сурайт. Кыз атасы даярдап койгон тогуздаган чапанды кийгизет.
Толгоо табак — кызды эртең аткара турган күнү кыздын атаэнеси: "толгоо табагыбызды берсин" деп отуруп алат. Куда бир малды союп бышырып, бир атты коштоп барат. Кыз атасы да чапан кийгизип батасын берет.
Тойдо табак тартуу тартиби — түндүк көтөрүлгөндө тойго малдар союлуп, эти элге тартылат. Учаны элдин аксакалына тартат.
Кыз, күйөө жаткызуу — эртең аттанат деген түнү күйөө менен кызды жаткырат. Коп жууркан тошоктөрдү төшөп жакшылап тошок салат. Чыныгы күйөө менен кыздын кошулуусу мына ошондо болот. Жаткырар алдында күйөөдөн кыздын бир жеңеси "жеңге салар" деп алат. Күйөө жагынан жана кыз жагынан да бир топ зайыптар көшөгөнүн башынан "болбол!" — дешип, күйөөнү шаштырып турушат. Ошо замат эле чырак жарык болуп көрүлөт. Иш ак болсо кайын энелерге сүйүнчү барылат. Иш ордунда болбосо, күйөө кетем деп айта баштайт, арага кишилер түшүп, тартуу тартылып жарашат. Балким кийин жаман көрүү да ошондон болот.
Эртеси кызды аткарат. Кыз атасынан каалаган атты минип кетет. Кызды үйдөн аткарып жөнөтүп бир аз жерге барганда, кызды аттан түшүрүп, бетин жуудуруп кайта аткарылып жөнөтүлөт. Кыздын башына шөкүлө салат. Жасалгаларды төөлөргө жүктөп, каркыраларды сайып, тоо жасалгаларын да окшотуп жасап, килем жабылат.
Төшөк талашуу — жерди терең казып, торт арканды катар эшип чубалтып таштап коет. Бүтүн эркек бир тарап, жалаң зайыптар бир тарап болот. Эркектер ат менен келип арканды бошотуп жулуп кетүүгө аракет кылат. Зайыптар суунун боюнда туруп, күл, улпактар менен эркектерге карай чачып, колдоруна тийгендерди сууга салып жыгат, зайыптарды эркектер да сууга салуулар болот. Аркан кээде жери менен омкорулуп кеткен учуру да болот. Эркектер жулуп кет" се кыз атасы бир нече чапан журтка берет. Зайыптар жулдурбай токтотуп калса, күйөө атасы зайыптарга бир тогуз мал берет.
Той берилип, кызды жөнөтүп жатканда күйөө жагындагылардын бирөө кыз атасынан бир баалуу буюмДУ уурдоого акылуу. Келин кайын атасынын айылына жакындаганда аттан түшүп жөөлөп, алдынан тозуп барган эркек, ургаачылардын бардыгына жүгүнүп бетин басып келет. Келиндин атын бир бала минип чаап айылга келет. Келиндин үйүн тигет. Келинди көргөнү келгендер күйөөсүнө "куш боо бек болсун" деп айтышат.
Отко киргизүү — келинди алып келген күнү кечинде күйөөнүн атасы мал союп айылдагыларды чакырат. Аштамактарды ичипжеп болгондон кийин келинди кайын атасынын үйүнө киргизмекчи болгондо, эшиктин алдына туура ак чүпүрөк жайып коюлат, эң алдынан 3—4 зайып жүгүнүп кирет. Келиндин башына шуру шөкүлө, маңдайына бир кадырлуу ак жоолукту илип койгон болот. Келин жүгүнүп кирет, бир адам тура калып жоолукту жулуп алат, отко май салган болот. Отургандар: "алдыңды мал, арканды бала бассын" — деп, толгон алкыштарды айтып алкашып турушат. "Келиндин жүзүн жакшылап көрөлү" дешкендер "башыңды өөдө көтөр" деген сөздөрдү айтып чуулап турушат. Келин чарчаганча жүгүнүп көшөгөгө кирет. Кайын ата менен кайын энеси келинге мал энчилеп жана казанаяк, туткуч, ж. б. беришет.
Келин эрте туруп бүтүн айылдын түндүктөрүн үч күнү тартат. Келин жаңы келгенде кайын атанын куда, достору аштамак, мал да алып келишип, куттукташат. Аларга куру койбостон буюмдардан берилет. Келин келгенине үч күн болгондон кийин кайын атасынын үйүнө кызмат кыла баштайт. Келинди кайын агалары да чакырып отко киргизишет.
Күйөө качуу — күйөө кайын ата, кайын энесине көрүнбөй качат. Башкалардан качпайт.
Келин качуу жана тергөө тартиби — келин кайын ата, кайын агалардан качат, тергеп атынан бир да айтпайт. Алардын караандарын корбойт. Аларга алда кайдан жүгүнгөндө алар алкайт. Келин кайын жеңе, кайын эже, кайын сиңди, кайын инилерди аттарынан бир да айтпай тергейт. Мисалы: Чоң акем, Мерген акем, Уста акем, Ортончу акем, Кичи акем, Аалынын атасы, Зайнаптын энеси, Чоң уул, Ортончу уул, Кичи уул, Ортончу бала, Кичине бала ж.б. Отунду деген кайын агасы болсо аны Термечик, кара болсо — ымырт, ж. б.лар менен тергеген.
Келин көрүү — Куда, достор мал союп келин көрүүгө келишет, аларга келиндин буюмунан берилет.
Өкүл ата — келинди кайын атасынын үйүнө отко киргизип жатканда, күйөөгө да, кызга да өкүл ата дайын кылынат.
Күйөөгө кыз атасы жагынан өкүл ата дайындалат. Күйөө мал берет, өкүл атасы тон кийгизет. Келинге уул атасы жагынан өкүл ата дайындалат, өкүл атага септен берилет, өкүл ата мал энчилеп берет. Кеяин өкүл атасына төркүлөп да барып мал алат.
Келиндин тартиби — жаңы келген келин эң уяттуу болот. Кайын ата, кайын эне жана сакалдуу киши, сакалдуу зайыптарга бутун сунбайт, аркасын салбайт, шак этип сүйлөбөйт, сылык жүрүштөр менен жүрөт,

кайын агалары үйгө келгенде көшөгөнүн ичинде туруп да жүгүнөт.
Тергөөлөр — кыргыз аялдары кайын ата, кайын эне жактын туугандарын жана балдарын, кыздарын тергешет.
Кайын атасын — ата, кайын энесин — эне, кайын агалары бир канча болсо, аларды ар башка: чоң, ортончу, кичүү акем же Аалынын атасы, Зууранын атасы деп, кайын агаларынын аялдарын да чоң, ортончу, кичүү жеңем, же Жанектин энеси, Ажардын энеси деп тергелет.
Кайын аганын эркек, кыз балдары тергелбейт.
Акелерин: бий аке, уста болсо — уста аке, чебер аке, мергенчи болсо — мерген аке, молдо болсо — молдо аке деп тергеген.
Кайын инилерди: чоң уул, ортончу уул, кичине бала деп тергелет да, алардын аялдары тергелбейт. Кайын атасынын бир туугандары жана жакын туугандары бардыгы аялдары, балдарына чейин тергелип, кайын ага, кайын жеңелердин бардыгына жүгүнөт жана качат. Алар алкыш айтат: бай болгула, эркек балалуу болгула, теңир жалгасын ж. б. деп алкайт.
Кайын эненин эркек бир туугандарын — чоң, ^ ортончу, кичи таякем, аялдарын таа жеңем, кыздарын тай эжем деп тергеп, таякелерден да качып, жүгүнөт.
Тергей тургандар аты Бокбай болсо бок деген сөздү тезек деп, кара болсо — ымырт деп, Термечик болсо — майда отун деп, Балта болсо — чоң керки деп, Сүтүкө болсо — саамал деп, Жылкыбай болсо — улуу баатыр деп тергеген. Ошондой заттарды да оз атынан айтпастан тергеген. Келин эч убакта тергөөчүлөрдүн үйлөрүнө жүгүнбөй кирбеген жана үйлөрүнүн төрүнө өтпөгөн.
Тергөөлөр эркектерде бир да болбогон. Күйөөлөр кайын атанын төрүнө чыгып отурбайт. Келиндер эч убакта тергөөчү ата, кайын ага, таякелерге бутун жылаңайлак жана жылаң баш, тамактарын көргөзбөгөн. Кайын ата менен кайын агалар эч бир убакта жаман сөз айтып ачууланбайт. Алар келинди силер ушундай болсоңор экен дегендей үлгү көрсөтүү менен сылык мамиле кылышат.
Төркүлөө — кыз келин болуп күйөөсүнө келгенден кийин эки жыл өтмөйүнчө атасыныкына барбайт. Эки жылдан кийин төркүлөп барат. Кыз төркүлөп барганда ата, эне, туугандарына кийимдер, мал союп, тамактар алып, бир ат жетелеп барат. Төркүн да кызды бүт кийгизип, кайын ата, кайын эне, балдарга чейин кийимдер даярдап кыздын энчисине малдар берип, каалаган ат, төөлөрүн берип жана мал союп коп тамактар бышырып куржунга толтуруп ат, тоого жүктөп берет. Муну келиндин кешиги деп талап желет. Кыз мындан кийин атасыныкына ар дайым бара берет, бирок эркек балдардай энчи кыздарга берилбейт.
Ажырашуу — кыргызда күйөөгө берген кызын эң катуу себепсиз чыгарып алуу деген иштер бир да болбогон. Себепсиз кызын бузуп чыгарып алса, анда "бата бузду, бул батага учурайт" деп эл чур деген. Узак өтпөстөн бата бузган киши чоң зыянга учурап бир башы жок болгон. Бата бузуп, баш ачуудан эң катуу корккон. Аялдын күйөөсү өлүп калып, туугандарынан башка алары болбосо гана аялдын башы ачылган.

Ой-пикирлер