Кирүү

Тебетейди көккө ыргытуу, тебетейди баса кийүү

Тебетейди көккө ыргытуу, тебетейди баса кийүү. Кыскасы, баш кийимди кийүүнүн ички сырлары болгон.
Тебетейди, калпакты кекко ыргытуу, бул-суйунучтун, кубаныч-тын т.а. сүйүнүү менен кубануунун жогорку чегин билдирүү. "Кекте Алла Таала бар, Теңирим турат. Ошого ыраазычылыгымды билди-рип жатамын" - деген жалпы элдик түшүнүктү туюнтат.
2. Тебетейди баса кийүү, эки колду алдыга алуу, жеңге салуу -бир нерсеге өтө өкүнүүсү. Бирөөлөрдөн ыдык көрүүсү...
Тебетейди, калпакты, топуну артка кежигеге жылдыруусу - каш-кабагы ачыктыгы, дүнүйөсү түгөлдүгү, жайдарыланып туруусу. Кал­пакты, топуну чекеге жылдыруусу да, баштын бир ыптасына кый-шайтуусу да, ушул ачык маанайды түшүндүрөт. Бул жарык жана жалган дүйнөдө өкүнүч менен кубаныч аралаш жүрөт. Кыргыздар ачуусу келгенде, чыдай албай жер сабайт. Кубанганда жогорудагы абалга келет. Өтө өкүнгөндө алаканын шак коет, кыжырданганда өзүнүн санын өзү мыкчыйт, тиштенет, калтырай түшөт.

Ой-пикирлер